Көк-Суу тоосу
Көк-Суу тоосу – Пскем кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы. Чаткал жана Көк-Суу сууларынын аралыгында. Тоонун кыры аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы өтөт. Узундугу 60 км, туурасы 15—17 км. Орточо бийиктиги 3100—3300 м, эң бийик жери 3828 м (Чатыр-Дөбө чокусу). Кыры жалама, тик аскалуу, мөңгү жок; капталдары тик (40—500), кыска жана терең кокту-колоттуу капчыгайлары бар. Геологиялык түзүлүшү өтө татаал, тектон. терең жаракалар менен тилмеленип, бүктөлүүлөргө дуушарланган. Тоонун түштүк-чыгыш бөлүгү гранит, гранит-диорит, гранитсиенит; ортоңку бөлүгү карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, аркоздуу кумдук, битумдуу жана доломиттүү акиташ теги, түндүкбатышы девондун доломит, кумдук, сланец, гравелит тектеринен түзүлгөн. Тоонун түштүк-чыгыш капталына талаа жана шалбаа бадалдуу токой (2800—2900 мге чейин), андан жогору субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа жана субнивалдык суук чөл ландшафттары мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстан географиясы / Мамлекеттик энциклопедия борбору. – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- ...