Көк чай чөп (лат. Origanum, L. 1753) – өсүмдүктүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Сабакка тушташ жайгашкан жөнөкөй жалбырактуу бийикт. 20-50 см болгон көп жылдык чөп. Гүлү майда, мала же көгүш кызыл. Топ гүлү шыпыргыдай же калканчадай. Евразияда 20 ашуун түрү өсөт. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар токойдун ачык жеринде, өзөн боюнда, нымдуу боздоңдо, жапыс тоолордон субальпы алкагына чейин таралган. Курамында эфир майы, боёк заттар, аскорбин кислоталары бар. Кургатылган гүлү менен жалбырагы медицинада , ликер-арак өндүрүү ишканасында, ошондой эле тамакка жакшы жыт берүү үчүн колдонулат (к. Балдуу өсүмдүк).

Origanum vulgare.

Колдонулган адабияттар түзөтүү