Көл-ТөрНарын кырка тоосунун түштүк капталындагы көл. Ат-Башы районунун аймагында. Аянты 5 км2 . Деңиз деңгээлинен 3820 м бийикте жайгашкан. Ат-Башы өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндөгү (Жаңы-Жер-Уландын чатына жакын) Көл-Төр суусунун өрөөнүнөн орун алган. Түштүк-чыгыш тарабынан зор морена катмары менен тосулган. Көлдүн чанагы байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кар жана жамгыр сууларынан толукталат. Чыгыш жак жээги аскалуу, батышынан жалгыз аяк жол өтөт. Айланасында жапалак арча, ошондой эле төө куйрук, ит мурун ж. б. бадал өсүмдүктөрү өсөт. Көлдүн бөгөтүнөн сарыгып агып чыккан суу Ат-Башыга оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү