Көмөктопоним. Бокмурун Көкөтөйдүн ашына эл чакырганда эскерилет:

Балыктын башы Көмөктөн,

Бактысы ашык бөлөктөн

Кыргыз уулу бу дагы

Улугу Багыш жедигер,

Жедигердин Багышы

Уруудан чыккан бу бир эр (Сагымбай Орозбаков, 3. 53). Географиялык реалияда Ооганстандын чыгышындагы жер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4