Көмөчов Садырбай [1914-ж. т., Жети-Өгүз району, Балтабай (мурдагы Алкым) айылы] — артист. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1966).
1937—62-ж. Ысык-Көл драма театрында, 1962—83-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында эмгектенген.
1983-жылдан пенсияда. Орус жана улуттук классиктердин спектаклдеринде башкы каармандардын образын жеткиликтүү даражада аткара билген.
Аткарган негизги ролдору: Хома (Т. Г. Шевченко, «Назар Стодоля»), Манжы (А. Куттубаев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кедей чал (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым»), Кочкарев, Почтомейстер (Н. В. Гоголь, «Үйлөнүү», «Текшерүүчү»), Бектур (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна») жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.