Бул шири идиштеринин бир түрү. Бээ саачу, кымыз куюучу, кыскасы, актын касиетин узакка ойдогудай сактоочу шири идиш. Муну көркөмдөп жасоодо көпчүлүк чеберлер анын орточо бийиктигин жана диаметрин 26, 32 смден ашырышпайт.

Чакан көнөктүн сыйымдуулугу он-он эки литрге барабар. Түп жагы оозунан бир аз кененирээк келет. Идиштин чоргосу 18—20 смдей (болжолдо сөөм, карыштай) болушу тийиш. Көнөктүн оозуна эки элидей (үч-төрт см дей) коюлган жыгач алкак кайрылып кайып тигилет. Көнөк көчмөңдүү турмушта чакалык милдет аткарган. Ага суу, сүт, айран, жарма, бозо сыяктуу суюктуктар куюла берген.

Нооматы келип турган күр жайлоодо боз үй тигилип, окчун жайда желе байланып, кыз-келиндерибиз көнөктү карууга илип, желени карай кыялай басуулары кыргыз элинин салтын, маданиятын, жайлоо келбетин көрсөтүп турат. Көнөктүн ичтүүлүгү менен катар анын жасалуусу түрдүү формада болот. Айрым көнөктүн чоргосу чайнек менен чөөгүндөй түбүнөн моюну узун келип, өйдө караса, кээ бир көнөктүн чоргосунун көзү төмөн карайт. «Үч ийдирип сааганда, көнөк толо сүт алдың» (Тоголок Молдо) — деп сүрөттөйт.

Кээ бир көнөктөрдүн түбү менен оозу бирдей кеңдикте болот. Түбүнөн оозу бир аз куушураак көнөктү да чеберлер кармашкан. Бул идишке «кочкор мүйүз оюмун», «кыйма оюмун» көбүрөөк түшүрүп келишкен. Көөкөргө, көнөккө, сабаага, көнөчөккө түшкөн «чийме сынпостор» ич ара бири-бирине катыш жасай беришет. Шири буюмдарынын көркөмдүгү белгилүү болуп турат. Ал бардык идиштерге бирдей түшөт.

Көнөк бээ сааганга өтө ыңгайлуу, колго токтомдуу, денеге жумшак. Ошондой эле калдырап, саан берип жаткан бээни чочутпайт. Ал эми бир чочуган же үрккөн мал экинчи жолу аягына адам жолотпойт, саадырбайт, чалпоо болуп калат. Башка көн идиштердей эле терини ийлеп, ыштап, кептеп жасатат. Ага бээ саайт, кымыз куят, куюлган актын касиети ойдогудай сакталат. Чакан көнөктүн сыйымдуулугу 10—12 литрге барабар. Түп жагы оозунан кеңири келип, чоргосу 18—20 см болот. Чоргонун жоон түбүнө чыпка коюлган. Көнөктүн оозуна 3—4 сантиметрдей (эки элидей) жыгач алкак кайрылып тигилип, эки жагынан өрмө кыл боо тагылат.

Маселенин дагы бир жагы — шири буюмдарыбыз турмуш-тиричиликке гана байланыштуу сөзсүз эле керек эмес. Бул — элдик кол өнөрчүлүгүбүздө өзүнчө кайталангыс түрү. Аны нарктуу нуска катары сактообуз, кайрадан өөрчүтүүбүз үчүн да маанилүү жагы бар. Тери буюмдарын, ага түшүрүүчү көркөмдүктөрдү азыркы муундар көрбөй да, түшүнбөй да калышты.

Илгерки чеберлердин уздануу жана узануу аракеттеринде да көп кырдуулук, терең сырдуулук болгон. Алар жараткан көркөмдүктөр биринен-бири өтүп, ошондой эле окчун айырмаланган бөтөнчөлүктөрүн эми кимдер үйрөнүшөт? Мына ушул жагын чечүү зарыл. Бул идиш улуу «Манаста»: «Көөдөндөн жулуп чөп берип, Көнөк менен суу берип» — деп айтылат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)