Бул — шири идиштеринин бир түрү.
Муну да чеберлер көнөктөй, көөкөрдөй эле ыштап, бычып, кептеп өзүнүн формасына келтиришет. Көнөчөктүн көлөмү — сыйымдуулугу ар кандай болот. Бирок, көнөктөй анча ичтүү эмес, чаканыраак келет. Ага орточо үч-төрт литр суюктук сыят.

Адатта, каймак жыйноочу, ак куюучу, карагат терүүчү идиш болуп саналат. Идиштин оозу түбүнөн бир аз кууш келет да, ашканадагы ала баканга илүү үчүн кылдан же кайыштан боо тагылат. Көнөчөк уйдун желининен да жасалат. Буга кооз «чийме сынпос» түшөт. Андагы көркөмдүк берки шири идиштерден анча айырмаланбайт. Тактап айтканда, биринин кооздугун бири толуктап тургандай туюлат.

Айрым чеберлер терини союлары менен жылуулай жүнүн алып, чиеге кайнатып, кан жылымык кылып туруп, терини ага боеп, түнөтүп коет. Эртесинде керип, кургатып туруп, аны бычып тигет. Анан ичине топурак шыкап, кептеп, тырмак изи түшкөндөй кургаган чакта сыртынан темир шиш менен чийим түшүрүшөт. Анан идиштер ыштоого коюлат. Андан кийин тери челекке салынат. Мундуктан ун, айран, улпак — үчөөнү кошуп, «малма» жасалат. Бул «малмага» салуу деп аталат. Ал кадимкидей ачып, жыттанып чыгат. Ага салынган тери өзү эле калыңдалат. Малма жылуу жайда болот да, аны чебер улам байкап турат.

Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып, көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө, ал дароо курушат). Эки күнчө тери талкууга алынат. Ийине канчалык келип, тери жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук жеңил.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)