Кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат. Бул «малмага салуу» же бодонун терисин «ашаткыга салуу» деп аталат.

Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кайберендин, кээде майда жандыктын териси да малмага салынган. Тери малмага салаарда челденет. Аны күн алыс аралаштырып турат. Тери ашаткыны боюна тарткандан кийин (5— 7 күн) алынат. Челектен чыккан терини кайрадан агын сууга шапшыйт. Анан «талкууга» алынат.

Азыр айрым чеберлер бодонун сыйрылган терисине акиташ салышат. Мында теринин калыңдыгы бир элидей болуп көбөт. Анын жүнүн бычак менен шыпырат.

Же суу куюлуп, белгилүү өлчөмдө ун салынып, туз 1татыган чоң челекте жыйырма-отуз күндөй терини кез-кез аралаштырып турат. Анан тоборсуган чакта алып, талкууга эт бышымдай ийлегенде кадимкидей эле аппак кайыш пайда болот. Мындан жалаң гана ат жабдыктардын бөлүктөрү кармалат.

Уйдун терисиң бир күнгө тузга коюп, анан ички бетине керосин сыйпайт. Чоң уйдун терисине бир жарым литрге чейин керосин төгүлөт. Аны бүктөп койсо, түгү өзү эле жыдып калат. Күнгө көргөзбөй, улам сызга таштап, талкууга салат. Качан өзүнүн нымы кургаганда даяр ак кайыш пайда болот. Ошентип, тери ийленип бүткөндөн кийин ага автол сыйпап, нымга таштап койсо, кайыш иштөөгө жумшак болот. Кайыш баш-аягы эки-үч күндө эле даярдалат.

Тери ката түшсө, кыртышы сынат. Эгер тери нымда жатса, майды тез кабыл алат.
Чеберлердин колдон терини иштетүүдө дагы мындай ыкмасы бар: уйдун терисин сыйраары менен бетине акиташ себет. Анан жүнүн жыдытат. Эгер бычакты тийгизсең, теринин кыртышы, сапаты бузулат. Андан кийин тери «малмага» салынат. Мундуктан ун, айран, улпак — үчөөнү кошуп, малма жасалат. Ал кадимкидей ачып жыттанып чыгат. Ага салынган тери калыңдалат. Малма жылуу жайда турушу керек. Аны улам көрүп турат. Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып, көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө, ал дароо курушат). Эки күнчө талкууга алынат. Ийине канчалык келип, тери жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук жеңил келет. Мындан ак кайыш пайда болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)