Көрпөчө ордуна ээрдин үстүнө салынуучу эни тайкы төрт чарчы буюм. Бул таардай эле кездемеден ичтелип, териден да, килемден согуп да, токуп да жасоого болот. Эни анча эмес аны айрым аймактарда «кажары таар», «терме таар», «беш кеште» түрүндө да көркөмдөп согушат. Көпчүк эндүү жасалса, аны «ээрге салгыч» деп айтат. Бул да ат жасалгасынын бир бөлүгүн түзүп, өрмөкчүлүктүн көркөм көчөттөрүнүн көпчүлүк түрү түшүп, укмуштай кооз көрүнөт.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)