Көргүм келет - 2013-жылы сентябрь айында чыккан, Ак-Кеме чыгармачыл группасы Айтыш-фильм студиясынын колдоосу менен тартылган драма. Тасманын релизи 2013 жылдын 19 сентябрына пландалган.

Көргүм келет (кинотасма)

Тасманын постери
Режиссеру Нурбек Мусаев
Сценарийи Саматбек Усупов
Оператору Аскар Нуракун уулу
Тартылгандар Амантур Абдусалам уулу,
Айсанат Эдигеева
Директору Алмаз Супатаев
Студия Ак Кеме чыгармачыл группасы
«Айтыш фильм» студиясынын колдооосу менен
Чыккан жылы 2013
Узактыгы 75 мүнөт
Өлкөсү  Кыргызстан
Тили Кыргызча
Бюджети $30 миң

Сюжет түзөтүү

Турмуш жолуна эми аттанган Кайраттын алгачкы тунук махабаты, Айжанга жолугат… бирок ал сезим Кайратты бакытка эмес, жан дүйнөнү жарып чыккан арманга жетелейт. Тасмада Кайраттын махабат жолундагы сыноолорго канчалык деңгээлде туруштук бере алаары баяндалат.

Тасманын режиисеру Алмаз Супатаевдин тасма жөнүндөгү баяндамасы:

- "Көргүм келет" тасмасынын жанры - драма. Түбөлүктүү темалардын бири сүйүү темасын камтыйт. Эки жаштын ортосундагы жарк деп жанган аруу таза сезимдер, коомдогу ар кандай терс көрүнүштөрдүн курмандыгы болот. Башкы каарман Кайраттын чечкиндүүлүгү, жалпы коомдо болуп жаткан адам укуктарын тепсөө, кыздарды ала качуу, сойкулук, адилетсиздик сыяктуу көрүнөштөргө каршы турган позициясы - тасманын өзөгүн түзөт. Негизинен "Көргүм келет" тасмасы жаштарга арналган десем болот. Жаштар Кыргызстандын булуң-бурчунан билим алуу же эмгектенүү үчүн борбор калаабыз Бишкекке аттанганда жакшы ой-тилектер, бийик максаттар менен келишет. Бирок турмуш агымында ар кандай кыйынчылыктар болоорун унутпай жүргөнүбүз оң деген ой тасмада кеңири баяндалат.[1]

Ролдордо түзөтүү

Актёр Роль
Амантур Абдусалам уулу Болот уулу Кайрат
Айсанат Эдигеева Айжан
Эгемберди Чалабаев
Камчы Сарыбаев
Мирлан Абдуллаев


 
Тасманын алдында

Тиркемелер түзөтүү