Көң, Кадамжай районуОш облусунун Кадамжай районундагы кыштак. А. Масалиев атындагы айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 960 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 33 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 25 км. Калкы 2229 (2007); негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана жана ФАП бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү