"К-Пэкс" (англ. K-PAX, орус. Планета Ка-Пэкс) - 2001-жылы Йен Софтли тарткан америкалык илимий-фантастикалуу тасма. Тасма 1995-жылы Жене Бревер жазган ушул эле аталыштагы романга негизделип тартылган жана Кевин Спейси, Жефф Биджес, Мэри Маккормак жана Алфре Вудард тартылышкан. Тасма өзүн К-Пэкс планетасынан келгендигин белгилеген психиатриялык бейтап тууралуу. Даарылануу учурунда ал бейтап досторуна жана доктуруна анын көз-карашынын чындыкка төп келгендигин далидейт жана соңунда алар анын айткандарына ишене башташат.

Плагиат боюнча сот иши.

1986-жылкы аргентиналык "Түштүк- чыгышка келген адам" тасмасынын режиссеру Элисео Субиела, бул тасманын плагиат болгондугу боюнча арыз жазган. Ошондуктан 2001-жылы, ноябрда Жене Бревер жана "К-Пэкс" менен байланышы бар башка катышуучулар сотко чакырылган. Бирок сот процесси узакка созулгандыгы үчүн Субиела сот процессинин каржылык жактан камсыздай албай арызын кайтарып алууга мажбур болгон. Субиела 2016-жылы каза болгонго чейин "К-Пэкс" тасмасы анын тасмасынын плагитталышы деп белгилеп келген. Андан соң, Жене Бревер "К-Пэксти жазуу" же "Сен жазуучу болууга ишенимдүүсүңбү?" деген аталыштагы китептерин жазуудагы эргүүсүн баяндаган кыскача биографиялык чыгармасын чыгарган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү