Кepeтapo
Kepeтapo, Cантьяго де Керетаро – Мексиканын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Керетаро штатынын административдик борбору. Калкы 658,2 миң (2008; шаар агломерациясында 978,7 миң). Керетаро аркылуу маанилүү федерация трассалары өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Байыркы индейлер шаары. Ацтектер мамлекетинин курамына кирген. 1655-жылдан шаар статусуна ээ. 1726-ж. акведук курулган (1970-ж. чейин иштеген). Барокко стилиндеги кооз жасалгаланган ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (Ла-Крус, 1682; Сан-Франсиско, 16–17-кылымдар ж. б.), классицизм стилиндеги Санта-Тереса чиркөөсү (1803–07), театр ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Мексиканын ири экономикалык борбору. Мигранттардын эсебинен өнүгүүдө. Бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарты бар шаарлардын катарына кирет (Латын Америкасында 5-, өлкөдө 2-орунда). Машина жана станок куруу, металл иштетүү, тамак-аш өнөр-жай үчүн жабдуу, химиялык (полиэтилен, пластика идиштери), текстиль, тиричилик, айыл чарба Техникалары өндүрүштөрү иштейт. 2008-ж. Канадалык «Bombardier» компаниясынын ишканасы (самолёттор үчүн тетиктер) расмий түрдө ачылган. Керетарода мексикалык жана чет өлкөлүк компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, институттар, бир нече музей бар. Керетарога жакын жерде Коррехидоре (Эль-Пуэблито, 1-миң жылдыктын 2-жарымы) пирамидасы, Сан-Пабло монастыры (1550–66) сакталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9