ЛЕГАЛАЙЗ - Кыргызстанда расмий катталган саясий партия. 2020-жылдын 16-ноябрында түзүлгөн.

ЛЕГАЛАЙЗ
Төрөгасы

Мадылбеков Эльдар Туратбекович

Негизделген датасы

16-ноябрь 2020-жыл

Башкы кеңсеси

Бишкек, Кыргызстан

Идеологиясы

Либерализм, кара куурайды мыйзамдаштыруу

Сайты

instagram.com/legalize kg

Партиянын максаты жана долбоорлору түзөтүү

Саясий партиянын алдына койгон максаты: Мыйзамдарды жана мамлекеттик саясатты реформалоо аркылуу Кыргыз Республикасынын бүткүл калкынын татыктуу жашоосун камсыз кылуу. Негизги пландаштырылган долбоорлор:

  1. Өнөр жай кара куурайын өстүрүү жана кайра иштетүү;
  2. Медициналык жана рекреациялык кара куурай өндүрүүдө эл аралык тажрыйбаны киргизүү;
  3. Кара куурайды колдонууну декриминалдаштыруу жана мыйзамдаштыруу (туризмди өнүктүрүү);

Партиянын тарыхы түзөтүү

Саясий партия 2020-жылдын 16-ноябрында Уюштуруу курултайында кабыл алынган ЛЕГАЛАЙЗ Саясий Партиясын түзүү жөнүндө жалпы чечим менен түзүлгөн. Ошону менен бирге съездде партиянын уставы да кабыл алынды. Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы партиянын саясий кеңеши болуп саналат. Партиянын лидерлери: Мадылбеков Эльдар Туратбекович (Саясий партиянын төрагасы, партиянын саясий кеңешинин төрагасы) жана Кайыпов Нурмат Маратович (партиянын саясий кеңешинин мүчөсү). Саясий партиянын кыскартылган аталышы: ПП «ЛЕГАЛАЙЗ». Саясий партиянын каттоодон өткөн аймактык бөлүмдөрү жана жаштар уюму түзүлө элек. Кыргызстандын улуттук парламентине (Жогорку Кеңешине) шайлоого саясий партиянын катышуу тажрыйбасы азырынча жок, бирок партия 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 27 талапкерди көрсөткөн.[1].

Булактар түзөтүү

  1. "Политические партии выдвинули 1 046 кандидатов", 2021-10-21, Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики