Либерализм (лат. liberalis - эркиндик, эркиндикке караштуу) – саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин саясий-экономикалык, системалык нравалык багыты. Тар маанисинде либерализм – мамлекеттин аз кийлигишүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либералдык партиянын саясаты. Либерализм идеялык негизин түзгөндөр:

  • 1) адамдардын тендиги;
  • 2) индивидуалдуу эрк;
  • 3) рационалдуулук;
  • 4) тартып алууга мүмкүн болбогон укуктар: жашоо үчүн укукту, менчик, эркиндик укуктарын камсыз кылуу.
  • 5) жалпы консенсустун негизинде мамлекетке биригүү;
  • 6) мамлекет менен инсандан мамилесинин келишимдик мүнөзү; 7
  • ) мыйзам – социалдык көзөмөлдөн куралы;
  • 8) мамлекеттин ишмердүүлүгүн чектөө;
  • 9) адамдын жеке турмушуна мамлекеттин кийлигишпөөсүн камсыздоо;
  • 10) дин эркиндиги ж. б.

Ушул шарттардын комплекси конституционализмди түзөт. Конституционализм системасы:

  • 1) Мыйзам чыгаруучулардын ишмердүүлүгүн чектейт;
  • 2) Мыйзамдын белгилүү чектерин белгилейт;

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин либерализм көп касиеттерин жоготкон. 70–80-ж. консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү либерализмди өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Либерализм айрым принциптерин өзгөртүп, ыңгайлашууга туура келип жатат – жаңы неолиберализм либерализм агымдын пайда болушу байкалууда.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9 [[zh-yue:自由主義]