Лабан – карлуктарга караштуу уруулар. Лабан тууралуу маалыматтар орто кылымдагы араб авторлорунун эмгектеринде кезигет. Араб географы Истахри Абу Исхак (10-кылым) «Мамлекеттин байлыгы жөнүндө китеп» аттуу эмгегинде кыргыздардын өлкөсү Усрушан, Фергана, Илак, Шелжи, Лабан аймактарынан ары жайгашкан, же кыргыздар лабандар турган жерден кийинки тоо этектеринде жашаган деп эскерет. Араб тарыхчысы жана саякатчысы Мукаддаси Шамсидин Абу Абдаллах (10-кылымдын аягы) «Өлкөнү билүүнүн жолдору» эмгегинде Лабан деген жер (шаар) Невакент (азыркы Орловка кыштагы) шаарына жакын жайгашкандыгы ж-дө маалыматтарды калтырган. Фарсы тилинде белгисиз автор тарабынан жазылган «Худуд ал-алам» тарыхый-географиялык чыгармасында карлуктарга таандык шаарлардын бири катары лабандар жашаган Карминкет деген чоң кыштак эскерилет. Ал Чүйдөн Ысык-Көлгө кетчү жолдо Узкет менен Тоңдун (Тоңг) ортосунан орун алган. Кээ бир тарыхчылардын пикиринде ал азыркы Кемин өрөөнүндө жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7