Орловка
Орло́вка — Чүй облусунун Кемин районундагы шаар. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк боорунда, Кемин темир жол станциясынан 9 км аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери — 1160 м.
Отурукташкан жай
Орловка
|
1910-жылы Орусия империясынын ар кайсы бурчунан көчүп келгендер негиздеген. 1913-жылы 113 түтүндөн турган. 1930-жылы «Ильичтин осуяты» жана «Жаңы жашоо» колхоздору түптөлгөн.
2012-жылы шаарчага шаар статусу берилген. 2017-жылдын 1-мартына карата шаардын калкынын саны 6 миң адам.
Шаарда химия-металлургиялык завод, больница, эки мектеп, үч кирпич заводу, лыжа базасы бар.