Wikipedia эркин энциклопедиясы


Лайлама - "Манас" эпосунда туруктуу кездешкен аталыш. Кытай, калмактардын диний башкаруучусу, кудайы катары айтыла берет.

Мисалы, 1958 ж. чыккан "Манас" эпосунун(жеткиликсиз шилтеме)1 томунун комментарийлеринде: "Лайлама - буддизм дининдегилердин диний башкаруучусу"[1] делсе, 1978-1982 жж. чыккан Сагымбай Орозбак (Орозбаков) уулунун айтуусундагы "Манас" эпосунда берилген сөздөрдүн түшүндүрмөсүндө "Лайлама — калмактардын кудайы"[2] - деп берилген. Манас энциклопедиясында: (1995 ж. 1 том, 382 б.) "(моңголчо даа лам, далай лама -улуу лама) - ламаизм дининдеги моңгол-калмактардын эң башкы ламасы".

Тибет бурканчылыгы түзөтүү

Сөз өзөгү - лама (тиб. བླ་མ་, bla ma, орусчасы - лама) — тибет бурканчылыгында диний устат.[3] Дагы кара: [4] Бул аталыш санскрит тилиндеги "гуру" даражасына тектеш жана кадырлуу кечилдерге карата алардын жогорку руханий деңгээлин белгилөө максатында колдонулган же алардын диний кызмат даражаларынын билдирген, мисалы: Далай-лама, Панчен-лама (Тулку).
Бурят жана калмак тилдеринде басым акыркы мунга коюлат — лама́'.


Тибет бурканчылыгы көп убакыт бурканчылыктын өзгөчө агымы катары каралып "ламаизм" аталып келген. Ламаизм аталышы XIX к. лаймалардын тибет коомундагы өзгөчө жогорку ордун белгилөө максатында немис окумуштуулары тарабынан киргизилген. Иш жүзүндө тибет бурканчылыгынын кадимки бурканчылыктан орчундуу айырмачылыгы жок. Устатты терең кадырлоо жалпы эле бурканчылыкка мүнөздүү. Азыр ламаиз термини туура эмес деп табылып, адатта "тибет бурканчылыгы" аталгысы колдонулулат.

Калмак бурканчылыгы түзөтүү

Эпосто чагылдырылган калмактарга, чыгыш моңголдорго, ойротторго тибет бурканчылыгы алгач XIII кылымда жеткен, бирок кеңири жайылуусу XVI аягы - XVII башына туура келет. Бул учурда калмактар Чыгыш Түркстанда Жунгар хандыгын, Чыгыш Казахстанда жана Алтайда турушкан. Бул жерлерде шаманчылыкка хандар кеңеши тарабынан тыйуу салынган болчу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Wikipedia эркин энциклопедиясынын маалыматтары.

Шилтемелер түзөтүү

  1. "Манас" эпосу, 1958 ж. -Ф.:, 1т., 264 б.
  2. http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/manas/manas_so3/section14.html#title16%7Ctitle=С(жеткиликсиз шилтеме). Орозбаков. "Манас" эпосу, 3т.
  3. http://rywiki.tsadra.org/index.php/Main_Page Дхарма сөздүгү, тибет-инглиш сөздүгү
  4. http://rywiki.tsadra.org/index.php/bla_na_med_pa