Лайлиев Жумакан Сулайманович

Лайлиев Жумакан Сулайманович (1928, азыркы Чүй облусу , Чүй району , Дөң-Арык айылы – 24. 7.2009, Бишкек ) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1976), КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1989). КРдин эмгек сиңирген экономисти. К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1950), СССР ИАнын Экономика институтунун аспирантурасын (1954) бүтүргөн. 1954–56-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын экономика бөлүмүндө кенже, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы. 1956–59-ж. Кыргыз ССР ИАнын Экономика институтунун биринчи директору. 1959–62-ж. Тянь-Шань облусунун Кочкор районундагы «Коммунизм» совхозунда директор, 1962–94-ж. кайра Экономика институтунда бөлүм башчы, директордун орун басары, 1994–98-ж. Экономика жана политология институтунун жетекчиси. 1998-жылдан Экономика институтунун дирекциясына кеңешчи. 200дөй илимий эмгектин, 40тай монографиянын автору. Лайлиевдин илимий эмгектери агрардык өнөр жай комплексинин, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу иш-чараларын изилдөөгө арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7