Лампалуу вольтметр - схемасына негизги элемент катары элек­трон лампасы киргизилген вольт­метр.

Электрон лампасы детекторлоо режиминде иштеп, ченелүүчү чыңалууну туруктуу токко айландырат да, ал ток магнит-электр прибору менен өлчөнөт.

Чыңалууну өлчөөдө Лампалуу вольтметрдин эки түрү колдонулат; 1) ченелүүчү чыңалуу диоддуу детектордун киришине берилип, андан түзөтүлүп чыккан чыңалуу күчөткүчкө жиберилет да, магнит-электр прибору менен өлчөнөт; 2) өлчөнө турган өзгөрмө чыңалуу күчөтүлүп, түзөткүчкө берилет да, анда түзөтүлгөндөн кийин жебелүү прибор менен өлчөнөт.

Бул вольт­метр менен 50 гц — 1500 Мгц туруктуу жанa өзгөрмө чыңалууларды өлчөөгө болот. Лампалуу вольтметрдин диоддуу детекторунун ордуна кээде аноддуу жанa торчо детекторлор пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.