Ластовендер
Ластовендер (лат. Asclepiadaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.
Жармашып, оролуп же түз өсүүчү бадал, бадалча, чөп, кээде дарак. Жалбырагы тушташ жайгашкан. Гүлү 2 жыныстуу, туура түзүлүштүү, 5 мүчөлүү. Гүлүнүн түзүлүшү курт-кумурскалар менен чаңдашууга ыңгайланган.
Мөмөсү — жапыракча. Ластовендерге сүттөй шире жанa интраксилярдык флоэманын болушу мүнөздүү. Алардын 290 урууга бириккен 2000 түрү негизинен тропик, айрымдары субтропик жанa мелүүн алкактарда таралган. Көүу уулуу. Дары-дармек жанa кооздук үчүн өстүрүлөт. Айрымдарынан боёк заттар, була алынат. Кыргызстанда 2 түрү бар, бири — жапайы, экинчиси атайын өстүрүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.