Левачество - революциялык өзгөрүүлөргө карата саясий багыттын радикалдашкан аныктамасы.

Ал көп учурда эркиндик, теңчилик, тууганчылык, бийликсиздик ж.б. идеалдарга карата эмоционалдуу же ойлонулган спекуляциялар менен байланыштуу кеңири социалдык максаттарга жетишүү үчүн күч колдонуу каражаттарын колдонууну дагы жокко чыгарбайт. «Сол» жана «оң» саясатчыларга бөлүү 1789-94-жж. Улуу Француз революциясынан башталганы айтылат, анда Генералдык штаттардын депутаттары королду колдоочулар (жыйындар залынын оң жагында) жана анын каршылаштары (сол жагында) болуп бөлүнүп отурушкан. Бул жагдайда мурдатан эле оңчулдук, тууралык, солчулдук, шайтандык күчтөргө жакындык символикалары ойлонуп табылган.

Солчулдар - өзгөрүүлөргө, оңчулдар - салтка, солчулдар - теңчилдикке, оңчулдар - чыныгы эркиндикти камсыздай турган коомдун иерархиялуулугуна багытталган деген түшүнүк бар. Левачество - көп учурда мүнөзү боюнча деструктивдүү жана анархисттик болгон, стабилдүү эмес социалдык катмарларды - келечекке болгон үмүттөрү менен студентчиликти, деклассташпаган люмпен-пролетариатты, жаштарды, баарыдан мурда өзүнүн социалдык темперамента боюнча стабилдүү эместикке жакындаган интеллигенциянын жумушсуз бөлүгүн камтыган саясаттагы солчул күчтөрдүн активдүүлүгүнүн абдан терең көрүнүшү. Левачествого саясатта социалдык-класстык куугунтукка катар кошумча басмырлоолорду баштан кечирген расалык жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрү, феминисткалардын бөлүгү, «жогортон жашылдар» ж.б. багытталышкан. Ага каалаган социалдык катмардын өкүлдөрү - «курч сезимдерди» сүйүүчүлөр тартышышкан. Левачествонун бөлүнгүс сапаттары - саясий философия катары волюнтаризм, программалардагы ультрареволюциячылдык жана саясий практикадагы авантюризм, «революциялык жарылууга» көрсөтмө.

Левачество - карама-каршы багыттагы күчтөр тарабынан жүзөгө ашырылган саясий оюндар үчүн жакшы тосмо. Левачество узакка созулган кризистик процесстердин жыйынтыгында дагы пайда болот (60-жж. жаштар кыймылдары), бирок мезгил-мезгили менен капысынан пайда болот. Левачествого саясаттагы зомбулук, компетенттүү эмес, бирок экономикадагы шашылыш чечимдерди киргизүү, маданият чөйрөсүндөгү квази чечүүчү «бошотуучу» чаралар чоочун эмес. Мындай шартта эркиндик эң вульгардуу теңдөөчүлүк жана авторитаризм менен байланыштуу. Өз мезгили үчүн адекваттуу делген Левачествонун саясий анализи - «левизна балдар оорусу» - алар тарабынан ошол эле мезгилде коргоого алынган революцияны болтурбай коюу мүмкүн эместик идеясы жана пролетариаттын диктатурасынын өзү өзүнө сындаган феномендин мөөрүн басса дагы, Ленин тарабынан берилген. Левачество саясий активдүүлүктүн стили катары 60-жж. жаштар кыймылдарында (гошизм, «жаңы солчулдардын» активдүүлүгү, бунтарлык формасында) жана андан даты кеңири - коомдук кыймылдар- да байкалган. 70-жж. анын бардык жердеги кулашы, ал эми 80-жж. «Рейган үчүн солчулдар» кыймылы сыяктуу «табигыйлыкка каршы келген» феномендер дагы (1984-ж. «коррупцияланган үчүнчү дүйнөнүн» колдоосунан, советтик тоталитаризмдин индульгенциясынан жана ойлонулуп драмалаштырылган антиамериканизм кырдаалынан толугу менен баш тартуу максатында уюшулган) байкалган. Мындай шартта «оңчулдар» үчүн «солчулдардын» анча чоң эмес, бирок симптомдуу кыймылдарынын идеологдору ырааттуу антиксммунизмге карата линияны колдоо менен СССРде ачык-айкындуулук саясатынын жаралышына алар түрткү болгонун айтышат. Бул кырдаал солчулдарга жана оңчулдарга кескин бөлүүнүн абдан аныкталбагандыгын, Левачество нун өзүндөгү көрсөтмөлөрдүн чектен тыш тез жана татаал идентификацияланып алмашылышын көрсөтөт. Ал ошондой эле Левачествонун духундагы бир катар саясий демилгелердин тупикке такалгандыгы, «авангарддык» партиялардын («кара пантера» түрүндөгү, «бошонуу теологиясынын» варианттары ж.б.) экстремисттик позицияларын социалдык обочолоо жөнүндө ачык эмес билдирет. Левачестводон баш тартуу - бүтүндөй солчул кыймылдардын жаңы багыттарын издөөнүн күбөсү.

Бирок өздөрүнүн социалдык активдүүлүгүн кайрадан ойлонуп чыккан «жаңы солчулдардын» көп бөлүгү тарабынан жарыяланган «солчул радикализм боюнча реквием» Левачествонун саясатта жана революциялык идеалды (туура эмес, же алар постиндустриялык коомдун чындыктарын эске албайт) тийиштүү интерпретациялоодо таптакыр жок болгонун билдирбейт. Биринчиден, «жаңы солчулдардын» жана ал тургай Левачествону кармануучулардын көптөгөн саясий демилгелери муниципалдык башкаруу тармактарынын деңгээлинде жүзөгө ашырылат. Экинчиден, жаңы радикализмден үмүттөнгөн, башкаруу чечимдерин чыгарууга түз багытталган «ак» жана «көк» жакачандардын жаңы коалициялары түзүлөт. Үчүнчүдөн, көптөгөн солчул демилгелер борбордук жана ал тургай оңчул саясатчылар тарабынан четке кагылып гана тим болбостон, кайсы бир жерлерде туруштук да беришкендиктен, активдүүлүктүн жаңы чөйрөлөрү: экологиялык жана согушка каршы кыймылдар изделет; сапаттык жактан жаңы бийлик структуралары, маданият чөйрөсүндөгү пайдубалдуу иштер издөөгө алынат.

Левачество жөнүндө бул жагдайда эч нерсе айтпай койсо болот, андагы чектен чыккан нерселер өзү жоюлат. Анын мурдагы кармануучуларынын көп бөлүгүнүн арасында жаңы технологиялардын кылымында абдан күчөй турган элитардык структураларга каршы тура алган кеңири демократиялык көзөмөл идеясы басым кыла баштайт. Демократиялык социализмден (Харрингтон) бери келаткан бул идея Батыштын жаштарынын арасында улам барган сайын жакшы таанылып баратат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8