Ледебурит [немец металлургу А. Ледебурдун (1837—1906) ысымынан] — темир-көмүртектүү куймалардын (негизинен чоюндун) структурасын түзүүчү металлдардын бири; аустенит м-н цементиттин 1145°Сден төмөнкү темп-рада пайда болгон эвтектикалык аралашмасы.

Таза темир-көмүртектүү куйманы 723°Сден төмөн муздатканда Ледебуриттин составындагы аустенит феррит-цементит аралашмасына (перлитке) айланат. Бул куймада (жалаң чоюнда) көмүртектин соста­вы 2%тен ашык болгондо Ледебурит пайда болот. Составында көбүрөөк легирлөөчү элементтер жана 0,7—1% көмүртеги болгон болотто аустенит менен карбидден турган Ледебурит түзүлөт, мында цементиттин ордуна анын структурасына легирлөөчү элементтердин карбиди кошулат.

Мындай болоттор (мис., хром-вольфрам-ванадийлүү тез кесүүчү) Ледебуриттүү болот деп аталат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.