Лейкома
Лейкома, чеч —көздүн тунук кабыгын (роговица) ак чел басуу менен мүнөздөлгөн оору.
Анда кабыктын тунуктугу ж-a жарык өткөргүчтүгү бузулат. Көбүнчө роговица тканын жарага чалдыктыруучу катуу сезгенүүлөрдөн (трахома, туберкулёз, потоп жара ж. б.) ж-a көздүн майып болушунан пайда болот. Тубаса түрү да кездешет. Дарылоодо дары каражаттары (сары сымап майы ж. б.), физиотерапия, ткань терапиясы, кератопластика колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.