Трахома — конъюнктива жана көздүн тунук челинин өнөкөт жугуштуу оорусу.
Көздүн тунук жана былжырлуу чели жабыркайт.

Себеби түзөтүү

Ооруну вирустар чакырат. Трахома оорулуунун өздүк буюмдары (сүлгү, жүз аарчы, шейшеп жана башкалар), вирус менен булганган кир колу аркылуу жугат. Эл арасында аны чымындар таратат.
Трахомаэпидемиялык оору. Оорунун таралышы калктын жашоо шартына, санитариялык абалына жараша болот. Адатта оору өнөкөт түрүндө билинбей башталат. Көбүнчө эки көз тең жабыркайт. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 7—14 күнгө созулат.

Белгилери түзөтүү

Алгачкы белгилери: көз жапкагы кычышып кызарып, бир нерсе түшкөндөй сезилет. Көздүн былжыр челинин конъюнктигасында ириңдүү ыйлаакчалар пайда болот. Көздөн чылпак чыгып, кирпиктер чыпталышып, көз ачылбай калат. Алгачкы белгилери билингенде эле врачка кайрылуу зарыл. Дарылоону врач жүргүзөт. Өз убагында дарыланса 2—3 айдын ичинде толук айыгат.

Алдын алуу түзөтүү

Ооруну алдын алууда тазалыкты, санитариялык эрежелерди сактоо, оору таратуучу чымындарды кырып жок кылуу, ооруган адамдын буюмдарын (сүлгү, жүз аарчы жана башкалар) бөлүп коюу талапка ылайык. Биздин өлкөдө алдын алуу жана убагында дарылоо жолго коюлгандыктан оору көп кездешпейт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8