Леонард Адлеман (англ. Leonard Adleman; 1945-жылы 31-декабрь) – информатика илиминин америкалык окумуштуусу. Адлеман шифирлөө алгоритминин ачык кирүү мүмкүндүгү бар криптографиянын жаратуучуларынын бири, бул эмгеги үчүн Адлеман 2002-жылы, кээде информатика илими жаатындагы "Нобель" сыйлыгы деп аталган Түриң сыйлыгына ээ болгон. Ошондой эле Адлеман ДНК эсептөө илимий тармагын жаратуусу менен таанымал.

Леонард Адлеман (2010-жыл).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Адлеман Калифорнияда туулган. Окумуштуу Сан-Францискодо чоңоюп-өскөн, Берклидеги Калифорния университетинде окуп 1968-жылы математика адистиги боюнча бакалавр даражасын алган, ал эми 1976-жылы электротехника жана информатика илими боюнча доктор окумуштуулук даражасын алган. Адлеман Sneakers (кырг. Сникерс) тасмасында математика жардамчысы болгон. Адлеман Улуттук илимий академиясынын жана Улуттук инженерия академиясынын мүчөсү.

Ошондой эле Адлер бокс спорту менен машыгып Жеймс Тони менен таймашка чыккан.

Сыйлыктары түзөтүү

Ачык кирүү мүмкүндүгү бар криптография системасын ойлоп чыгарганы үчүн Адлеман Рон Ривест жана Ади Шамир менен бирге 1996-жылы Каннелакис атындагы сыйлыктын ээси болгон, 2002-жылы окумуштуу, кээде информатика илимий жаатындагы "Нобель" сыйлыгы деп аталган Түриң сыйлыгына ээ болгон. 2006-жылы Адлеман Американын илим жана искусство академиясынын мүчөсү катары тандалып алынган.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү