Түриң сыйлыгы - жыл сайын Эсептөөчү техника бирикмеси (ЭТБ; англ. Association for Computing Machinery, ACM) тарабынан "эсептөө коомчулугунун техникалык табиятына кошулган салымы үчүн тандалып алынган инсанга" берилген сыйлык. Кошулган салымдар "компүтер тармагында узак мөөнөттүү жана ири техникалык мааниси болушу керек" деп каралган. Түриң сыйлыгы жалпысынан компүтер илиминдеги жана "Эсептөө боюнча Нобел сыйлыгындагы" эң жогорку артыкчылык деп эсептелет.

Сыйлык британиялык математик жана Манчестер университетинде математика профессору Алан Түриңдин урматына аталган. Түриң көпчүлүк учурда теориялык компүтер илимдерин жана жасалма интелекттин негиздеген адам деп айтылып келет. 2007-жылдан 2013-жылга чейин сыйлык 250,000 АКШ доллар өлчөмүндөгү байге менен коштолгон. Ал Intel жана Google тарабынан берилген каржылык колдоо менен ишке ашкан. 2014-жылдан тартып сыйлык Google тарабынан берилген каржылык колдоо аркылуу 1 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү байге менен коштолуп келет.

Тарыхы түзөтүү

Сыйлыкты биринчи алган киши 1966-жылы Карнеги Меллон университетинен Алан Перлис болгон. Сыйлык алган биринчи аял 2006-жылы IBM компаниясынан Франсис Э. Аллен болгон.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү