Леонидзе Георгий Николаевич

Леонидзе Георгий Николаевич (15(27). 12. 1899, азыркы Сагареджо району, Патардзеули кыштагы – 9. 8. 1966, Тбилиси) – грузин акыны, Грузия эл акыны (1959), Грузин ССР ИАнын академиги (1944). 1913-жылдан Тбилиси семинариясында окуган. 1957–66-ж. Грузия ИАнын Ш. Руставели атындагы Грузин адабияты институтунун директору болгон. Чыгармалары 1911-жылдан жарыялана баштаган. Адегенде «Көгүлтүр мүйүздөр» аттуу символисттер тобуна кирген. Кийинчерээк андан кетип, 1924–25-ж. «Кыпчак жолугушуусу», «Ниноцминд түнү», «Цесарка» сыяктуу маанилүү лирикалык ырларды жараткан. «Загестеги түн», «Иори жээгинде» жана башка чыгармаларында социалдык чындык чагылдырылган. И. В. Сталин жөнүндөгү «Бала чак жана өспүрүм кез» (1939) поэмасы 1941-ж. СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. «Сыйкырдуу дарак» (1962) аңгемелер жыйнагын чыгарган. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7