Леон-Либерий дөңсөөсү - Батыш Африкада, Гвинея Республикасы, Сьерра-Леоне жанa Либерия мамлекеттеринин аймагында.

Атлантика океанына караган жагы тектирлүү; материкке акырындап эңкейиштейт. Кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон гранит, гнейс, кристаллдык сланец жанa кварцит тоо тектеринен түзүлгөн. Дөңсөөнүн плато сымал үстүңкү бетинен көтөгөн аралча жана токол тоолор тик көтөрүлүп жатат. Орт. бийикт. 500—800 м, эц бийик жери 1948 м (Бантимани чокусу). Дөңсөөнүн жаан-чачын көп жааган түштүк-чыгыш капталдарын нымдуу дайыма көгөрүп туруучу чытырман токой, кургак беттерин бийик чөптүү саванна, айрым жерлерин саванна токою ээлейт.

Кен байлыктары; темир, алтын, алмаз, боксит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.