Ливия тили – антикалык доордо Түндүк Африканы (Ливияны) жердеген байыркы уруулардын бербер-ливия тилдеринин бири. Семит-хамит тил уясына кирет. Ливия тилинин диалектилеринин бири – нумидий – биздин заманга чейин 2–1-кылымдын жазма эстеликтеринен белгилүү (ливия консонант алфавити). Ливия тили келип чыгышы жана түзүлүшү жагынан байыркы семит тилдерине жакын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7