ЛилонгвеМалави Республикасынын борбору. Чыгыш Африкада, Лилонгве дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Борбордук провинциясынын административдик борбору. Калкы 723,6 миң (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча эң ири шаар). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1902-ж. негизделген. Өлкөнүн мурдагы борбору Зомба шаарынын ордуна 1975-ж. борбор болуп калган. Шаардын жаңы бөлүгүндө ар кандай административдик турак-жайлар, соода борборлору жайгашкан. Тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Белек-бечкектер жасалып, сатылат. Айыл чарбаны изилдөө станциясы (1948), Борбордук ветеринария лабораториясы (1974), медицина, айыл чарба, техникалык коллеждер, Улуттук китепкана кызматы (1968; фонду 700 миң) бар. Жыл сайын тамеки аукциону өткөрүлүп турат.

Лилонгве.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7