Линзалуу антенна— электр-магнит толкундарынын абада жанa линзанын материалында таралышынын фазалык ылдамдыктарынын айырмасынын эсебинен багытталуу диаграммасы түзүлө турган антенна.

Ал линзадан жанa нурланткычтан турат. Линзанын формасы нурдун сынуу коэффициентине п (радио толкундардын вакуумда жанa линзада таралышынын фазалык ылдамдыктарынын катышына) жараша болот. п> 1 болгондо Линзалуу антенна — акырындатуучу жана п< 1 бол­гондо тездетүүчү деп аталат.

Мунун нурланткычы катары толкунду сфера түрүндө жиберуучу рупор антеннасы же цилиндр формасында жиберуучу антенналык тор пайдаланылат. Акырындатуучу Линзалуу антенна абдан сапаттуу, бир тектуу диэлектрик материалдарынан (полистирол, фторо­пласт ж. б.) же жасалма диэлектриктерден жасалат. Тездетүучү Линзалуу антенна белгилуу бир формадагы металл пластинкалардан даярдалат. Линзалуу антенна см толкундагы диапазондо иштөөчү радио­локация жанa өлчөгүч түзүлүштөрдө колдонулат


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.