Литофиттер (лито... жана гр. phyton — өсүмдук), петрофиттер — декада, таштын жаракаларында өсүүчү өсүмдүктөр.

Pyrrosia rupestris.

Алар аскалардын бузулушуна биринчи көмөк болуп, семиз жерди талап кылуучу өсүмдүктөргө топурак камдайт. Таштарда адегенде бактериялар, балырлар өөрчүп, анан эңилчектин түрлөрү, мамык чөп, акырында татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр өсө баштайт.

Айрымдары аки таш, мрамор, доломит тектеринде, кээси карбонатсыз кычкылдуу топуракта өсөт. Литофиттердин фитоценозу түрдүү чөйрөгө көз каранды. Литофиттердин тамыры тереңдеген сайын аскада жаракалар кеңейип, тоо тектеринин үбөлөнүшүнө жанa татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн кеңири таралышына шарт түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.