Лиувилль теоремасы (механикада) — механиканын Гамиль­тон формасындагы теңдемесине баш ийүүчү системанын фазалык көломү ошол система кыймылда болгон кезде туруктуу кала тургандыгын далилдөөчү теорема.

Лиувилль теоремасын 1838-ж. француз илимпозу Ж. Лиувилль далилдеген. Лиувилль теоремасы фазалуу мейкиндикке системадагы бөлүкчөнүн бөлүштүрүү функциясын киргизүүгө мүмкүндүк берет жанa статистикалык физиканын негизи болуп эсептелет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.