Ли Ги Ён (жашыруун аты – Минчхон; 29.5. 1895, Чхунчхон шаарына жакынкы Хверён кыштагы (азыркы Асан шаарынын тегереги) – 1984, КЭДР) – корей жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1925-ж. Корей пролетардык жазуучулар федерациясын уюштургандардын бири. 1922–23-ж. Токиодо окуган. 1924-жылдан «Байкемдин жашырын каты» аттуу аңгемеси менен чыгармачылыгы башталган. «Карапайым калк кыштагы» (1925) деген повестинде, «Тууган эл» (1934) жана «Жаңылык» (1939) романдарында корей элинин турмушун сүрөттөгөн. 1945-жылдан кийин Кореяда жүргүзүлгөн жер реформасы жөнүндөгү «Жер» (1– 2-бөлүк, 1948–60), япон баскынчыларына каршы күрөштү көрсөткөн үч томдук «Туманган өзөнү» (1954–64) романы бар. 1950-жылдан Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү. 1946-жылдан Корей-совет достук коомунун төрагасы болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7