Логвиненко Яков Никифорович

Логвиненко Яков Никифорович (23. 10. 1896, Полтава губерниясы, Кобыян уезди, Морковка кыштагы – 9. 4. 1933, Фрунзе) — Кыргызстанда совет бийлигин бекемдөөгө катышкандардан; туңгуч уюшулган Пишпек полкунун командири. 1933-ж. Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1915-ж. армияга чакырылып, 1-дүйнөлүк согушка калоңун басууга катышкан. Сөөгү Бишкек шаарындагы Эмен багына коюлуп, борбордук көчөлөрдүн бирине ысмы ыйгарылган.

Өмүр баяны түзөтүү

  • Туңгуч уюшулган Советтик Пишпек полкунун командири;
  • 1918-жылдан тарта - КПССтин мүчөсү;
  • 1915-жылы - падышалык армиянын катарына чакырылып, Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан.
  • 1918-жылдын май айынан тарта - Пишпектеги Кызыл Гвардиянын отряд командири;
  • 1920-жылдын июнь айынан тарта - Пишпек горнизонунун начальниги;
  • 1920-жылдын июнь айынан тарта - Пишпек горнизонунун начальниги; кийин Жети-Суу округунун аскер комиссары болгон.
     
    Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү Я.Н. Логвиненконун урматына коюлган такта

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7