Ломоносов кырка тоосуТүндүк Муз океандагы суу астындагы кырка тоо. Жаңы Сибирь аралынан (океандын ортосу менен) Канада Арктика архипелагындагы Элсмир аралына чейин 1800 кмге созулуп жатат. Туурасы 60–200 км. Океан таманынан 3300–3700 м бийик көтөрүлөт. Тоонун кырынан океандын үстүнкү бетине чейинки эң тайыз жери 900 м. Капталдары салыштырмалуу тик, каньондуу, кумдуу ылай менен капталган. 1948-ж. советтик экспедиция ачкан; М. В. Ломоносовдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7