Түндүк Муз океаны

Түндүк Муз океан‎»‎ барагынан багытталды)

Түндүк Муз океаны, Түндүк Уюл деңизи, Түндүк Муз деңизи - Жер шарындагы эн кичине океан. Кээ бир чет элдик океанографтар Атлантика океанынын деңизи деп эсептешет.

Түндүк Муз океан.

Евразия менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Аянты 14,75 млн км2. Орт. тереңдиги 1225 м, көлөмү 18,07 млн км3. Эң терең жери 5527 м (Гренландия деңизинде). Жээктери Евразиянын батышында бийик, фьорддуу, чыгышында дельта жана лагуналуу, Канадалык Арктика архипелагында негизинен жапыз, тегиз. Евразиянын жээктерин Норвег, Баренц, Ак, Карск, Лаптевдер, Чыгыш Сибирь жана Чукот дениздери; Түндүк Американын жээктерин Гренландия, Бофорт, Баффин, Линкольн деңиздери, Гудзон булуңу, Канадалык Арктика архипелагы менен кысыктары чулгап жатат. Жээк сызыгынын жалпы уз. 45 389 км. Түндүк Муз океан аралдарынын саны боюнча Тынч океандан кийинки 2-орунда. Аралдарынын жалпы аянты 4 млн км2. Ири аралдары: Канадалык Арктика архипелагы, Гренландия, Шпицберген, Франц Иосиф Жери, Жаңы Жер, Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Врангель ж. б. Таманынын рельефи.

Физ.-геогр. өзгөчөлүктөрүнө карата Түндүк Муз океан 3 акваторияга бөлүнөт; Арктика алабы - океандын эң терең борбордук бөлүгү, Түндүк-Европа алабы: (Гренландия, Норвег, Баренц жана Ак дениздери) жана материктИк тайыздыкта жайгашкан арктикалык деңиздер (Kapa, Лаптевдер, Чыгыш Сибирь, Чукча, Бофорт, Баффин). Тереңдиги 200-350 м болгон материктик тайыздык океандын аянтынын 45% ин ээлейт. Евразиянын жээктеринде анын жазылыгы 1300 мте жетет. Андан ары океандын таманы кескин тереңдеп, 2000-2800 м терендиктеги тепкичтерди пайда кылат; ал океандын эң терең бөлүгү - Арктика алабын курчап жатат. Арктика алабында суу астындагы Гаккель, Ломоносов, Менделеев ири кырка тоолору жана алардын аралыгында бир нече терен чуңкурдуктар (Нансен, 5449 м; Амундсен, 4321 м; Макаров, 3940 м ж. б.) бар. Гренландия менен Шпицберген а-нын аралыгындагы Фрам кысыгы Арктика алабын Түндүк Европа алабы менен байланыштырат. Түндүк Европа алабын түндүктөн түштүккө карай Исландия, Мон жана Книпович кырка тоолору кесип өтөт. Алар Арктика алабынын кырка тоолору менен бирдикте океан ортолук кырка тоолордун эн түндүк сегментин түзөт. Материктик тайыздыктарга терригендик өтө ар түрдүү чөкмө тектер, суу астындагы кырка тоолор менен терең ойдуңдарда кара күрөң жана күрөң чопо, ылайлуу тектер мүнөздүү. Чөкмө тектерде оор жана түстүү металлдардын (темир, калай, ильменит, алтын, аллюминий, уран ж. б.) кендери, материктик тайыздыктарда нефть жана газдын 50гө жакын кени табылган. Климаты арктикалык, ызгаардуу. Кыш айларында (январь - апрель) Арктика алабынын үстүндө жогорку басымдагы аймак (Арктика антициклону), жайында салыштырмалуу төмөнкү басымдагы аймак түзүлөт.

Бардык мезгилдерде Атлантикадан циклондор келип, океандын батышында туман, жаан-чачын, ылдамдыгы 15-20 м3/сект& жеткен шамал өкүм сүрүп турат. Кышы катаал, шамалдуу. Борбордук бөлүгүндө абанын температурасы -28°С... -30°С, Атлантика жак четинде -16°С...-18°С. Жайы суук. Бардык жеринде температура -10°С...-12°С, батышында 6°С-8°С болот. Жылдык жаан-чачыны 150-300 мм. Гидрологиялык режими. T. М. о-дын жанаша жаткан океандар менен суу жана жылуулук алмашуусунда анын суусунун тузсуздугунун мааниси зор. T. М. о-нын үстүнкү катмарынын суу алмашуусу жана муздарынын калкуу багыты 3 агымга байланыштуу: Чукча тумшугунан башталып, Шпицберген менен Гренландияга чейин Арктика алабын кесип өтүп, Атлантика океанына чыккан Трансарктика; Алясканын түндүгүндөгү Чыгыш антициклондук агым; Гренландиянын чыгыш жээги менен түштүктү карай багытталган Чыгыш Гренландия муздак агымы. Алардын орду Түндүк Атлантикадан (Норвег жана Ирмингер агымдары) жана Тынч океанынан (Беринг дениз агымы) келген жылуу (2-6°С) жана туздуулугу жогору (34,935,2%о) агымдар менен толукталып турат. Бул тузДУУлугу бир кыйла артыгыраак агым Арктика алабында 800 м тереңдикке чейин жыл бою салыштырмалуу жылуу (-0,4°С...-0,8°С ) суу катмарын пайда кылат. Суунун үстүнкү бетинин орт. температурасы кышында 1°С, жайында 5°Сга чейин.

Түндүк Муз океан Түндүк Двина, Обь, Енисей, Хатанга, Лена, Колыма, Макензи ж. б. дарыялар аркылуу жылына 5000 км3 тузсуз суу куюлат. Ошондуктан суунун туздуулугу болгону 32%о, ал эми шельфтик деңиздеринде 26-29%о. Суткасына 2 жолу, бийикт. 1 жге жеткен ташкындоо (Баренц деңизинин Чоканг булуңунда бийикт. 6 м болот) болуп турат. М у з д а р ы. Кышында океандын аймагынын 90% и калкыма (негизинен калыңдыгы 4,5 мге жеткен көп жылдык муздар) жана жээк муздары каптап жатат. Баффин жана Гренландия деңиздеринде айсбергдер бар. Борбордук бөлүгүндө калыңдыгы 3-5 мге жеткен көп жылдык «муз аралдары» калкып (7 км/сутка ылдамдык менен) жүрөт. Алар Канадалык Арктика архипелагынын шельф муздарынан түзүлөт. Кээ бир муздардын калыңдыгы 30-35 мте жеткендиктен, алар калкып жүрүүчү көп жылдык станциялар үчүн пайдаланылат. Акыркы изилдөөлөр океандагы муздардын аянтынын кескин азайып баратканын каттаган. Буга мисал, 2011-ж. анын аянты 4,33 млн км2 болсо, 2012-ж. 3,61 млн км2/щ түзгөн.

Флора жана фаунасы. Түндүк Муз океандын катаал климаттык шарттарынан орг. дүйнөсү начар өнүккөн. Анын өсүмдүктөрү менен жаныбарлары арктика жана атлантика түрлөрүнө кирет. Уюлду карай алардын саны жана түрлөрү азаят. Бирок Түндүк Муз океандын бардык жеринде фитопланктон (негизинен диатомдуулар) өөрчүгөн. Түбүндө ламинария, фукус, анфельция ж. б. өсүмдүктөр бар. Зоопланктондун ЗООдөй түрү кездешет. Түндүк Европа алабында жаныбарлар дүйнөсү салыштырмалуу ар түрдүү (2000ден ашык түрү бар); негизинен балыктар: сельд, треска, деңиз окуну, пикша; Арктика алабында - ак аюу, суу жолборс, түлөн, нарвал, белуха ж. б. бар. Жээгинде деңиз куштарынын З0дай түрү уялашат. Океандын жээгинде Россия, Норвегия, Дания (Гренландия), Исландия, Канада, АКШ мамлекеттери жайгашкан. Чарбалык мааниси зор. Норвег, Гренландия жана Баренц деңиздеринен жылына 2,3 млн т (2010) балык жана деңиз жаныбарлары (Канада, Аляска) кармалат. Түндүк Муз океанда нефть жана газдын ири запасы бар. Акыркы геол. чалгындоодо арктикалык шельфте дүйнөлүк нефтинин 13%и жана дүйнөлүк газ запасынын 30% и бар экендиги аныкталган.

Учурда Түндүк Муз океандын ресурстарын РФ, Норвегия, Канада жана АКШ (Аляска) өздөштүрүүдө. Түндүк Муз океан - негизги транспорттук магистраль. РФ жана Батыш Европада Түндүк деңиз жолу, Канада жана АКШда Түндүк-батпыш өпгкөөлү аркылуу жүк ташылат. Ири порттору: Прудо-Бей (Аляска), Черчилл (Канада), Кекертарсуак (Гренландия), Тронхейм, Олесунн (Норвегия), Рейкьявик (Исландия), Онега, Дудинка, Игарка, Тикси, Шмидт тумшугу (РФ) ж. б. T. М. о-дын табияты - Жердин эң аялуу, талылуу экосистемаларынын бири. Анын негизиги экол. көйгөйү - арктикалык климаттын тездик менен өзгөрүшү, муздардын эриши жана океан суусунун нефть продуктулары жана хим. калдыктар менен булгануусу. Ошондой эле жаныбарлар популяциясынын азаюусу жана таралуу ареалынын тарышы да чоң маселе жаратып келет. 1991-ж. Канада, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия, РФ, Швеция жана АКШ Түндүк Муз океандын табигый чөйрөсүн коргоо боюнча стратегия кабыл алып, 1996-ж. Арктикалык кеңеш түзгөн. Бирок, океан таманынын ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык укуктук абалы тактала элек. Түндүк Муз океанды изилдөө ар дайым оор жана кооптуу болуп келген. Аны багындырууну алгач викингдер баштап, 10-кылымда Гренландияга, Шпицберген жана Жаңы Жерге, 13-кылымда Канада Арктикага жетишкен. 15-кылымдан бери деңиз сүзүүчүлөрү тарабынан изилденип келет. 1937-38-ж. «Түндүк уюл» алгачкы илимий станциясында метеорол.', геофиз. жана гидробиол. изилдөөлөр жүрүп, 1950-ж. калкыма муздарда станциялар орнотула баштаган. Учурда океандын табиятына бир нече арктикалык ИИИ жана космостон байкоо жүргүзүлөт. Океанды Түндүк Муз деп алгач орус уюл изилдөөчү Ф. П. Литке атаган. Ал расмий түрдө 1935-жылдан колдонула баштаган. Бирок, чет өлкөлөрдө ар кандай аталып келет: (Арктикалык океан (анг.), Түндүк Уюл деңизи (нем.), Түндүк Муз деңизи (фин.)).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4