Люффа, луффa (лат. Luffa) — ашкабактар тукумундагы өсүмдүк уруусу.

  • Чырмалып өсүучү бир жылдык өсүмдук. Гүлң чоң, сары же ак. Мөмөсү сүйрү, көп уруктуу. Тропикте 6—8 түрү өсөт. Белгилүүлөрү: жумуру Люффа же мочалка ашкабак (L. cylindrica) жана кырдуу Л. (L. acutangula).
  • Эки түрү тең көбүнчө Япония, Индия, Инди-Кытай, Еги­пет, Америка, Кичи Азиянын тропик жанa субтропиктеринде, Кав­каз, Крым жанa Орто Азия аймактарында эгилет.
  • Жаш бүчүрүн жашылча катары жесе болот.
  • Мөмөсүнөн мо­чалка, калпак, бут кийим жасалуучу материал алынат.
  • Уругунда май бар. Мөмөсү бышканда кесилип жыйна­лат.
Luffa aegyptica.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.