Маамытбек«Манас» эпосунун мифтик кейипкер, кытайдын жалгыз көздүү дөөсү. Алтайда Манастан жеңилип, Бээжинге качкан Жолой, Нескара баш болгон кытай-калмак баатырлары Эсенканга Манастын эрдигин айтып барышат. Эсенкан менен Карыкан кеңешип, Манас акыры Бээжинге казат кылат деп, мерчемдүү жерге кароолчу коюп, Коңурбайды Чет-Бээжинге кечилге кан көтөрүп, Маңгубада туулган «Каканчындын балбаны Маамытбек сокур» менен тыргооттун каны Канышайга жол тостуруп, Бээжиндин жолун бекемдейт (Саякбай Каралаев, 1. 164—166). М. дөө Чоң казатта өлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4