Өкчөсү жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим.
Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы», «кыром маасы» деген түрү бар. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген.

Чеберлер кол булгаарыдан кашыктай сыйда мыкты маасыларды ултарып, ага чийме сынпос түшүрүүчү. Бул бут кийим эркектердин маасысы, ургаачылардын маасысы болуп экиге бөлүнөт. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кийген маасыларынын кончунун алдыңкы бети чиймеленет. Андай элдик мүнөзгө эгедер көркөмдүк өтүк, жагдан, чыны кап, көөкөр, кечим (тердик), ээр өңдүү көн жана булгаары буюмдарына түшкөн кооздуктарга өтө үндөшүп турат. Буга наар (чийме — сынпостун бир түрү) берүүдө чеберлер «мүйүз», «кыял» сыяктуу элдик оюмдардын элементтерин учтантып, айкаштырып берет.

Кийинчерээк маасы жандыктын терилеринен ичтетилип, булгаарыдан тигиле баштады. Жердик жука болгондуктан, ага өсүмдүктөрдүн сабактарын, бак-дарактардын мөмө-жемиштеринин бутактарын жана жылдызчаланган сайма көчөттөрүн бир өңдө келтирүүдө. Ошондой эле башка өңдөгү булгаарыдан оюм чыгарып, аны маасынын маңдай бетине жабыштыруу же оюп коюп тигүү аркылуу ага кооздук берилүүдө. Азыр өнөр жайдык негизде көп нускада чыгарылып жаткан бул бут кийимге көркөм көчөттөр атайын сайма сая турган машинасы менен түшүрүлүп, дүкөндөргө такай чыгарылууда.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)