Мавзолей (грекче Mausoleion – Галикарнастагы, биздин заманга чейин IV к. ортосу, Кариянын башкаруучусу Мавсолдун күмбөзү) – адам көмүлгөн монументалдык курулуш. Мавсолдун учурунда башталып, аны жубайы Артемисия II (архитекторлор Пифей жана Сатир) бүтүргөн Галикарнастагы М. (бийик цоколдогу периптер пирамида менен квадригага бүтөт) дүйнөдөгү кереметтердин бири деп эсептелген. Бул эстеликти туурап башка дагы антик М-лери курулган, мисалы, Римдеги Адриандын М-и (Сант-Анджела Сепили, 135–140); үч ярустуу Сен-Ремидеги М. (биздин заманга чейин I к. аягы) орто кылымдагы М. (арабча – мазар) мусулман Чыгышында табынуучу жана ажыга баруучу ыйык жайга айланган. Эл сыйлаган адамдардын күмбөздөрүнүн үстүнө тургузулган курулуштар өздөрүнүн көлөмү жана жасалга кооздуктары менен айырмаланган. Даңкы далайга кеткен архитектуралык эстеликтерге Бухарадагы Исмаил Саманинин М-и (IX к. аягы – X к. башы), Самаркандагы Тимур жана Тимуриддердин М-и, Эмирдин көрү (1403–1404), Аградагы Таж-Махал (Шах Жахан менен анын аялынын күмбөзү, 1630–1652), Демидеги Хумаюндун М-и (XVI к. 2-жарымы) кирет. Европада антик М-лерин (XVIII–XIX к.), ак сарайлык-парктык ансамбл­дерде көбүрөөк чакан формаларда кеңири тараган (павловскидеги Павел Iнин М-и, 1805–1808, архитектор Жан Тома де Томон), дворяндык чарбактарда, XX кылымда некрополдордо (Эрлангерлердин үй-бүлөлүк М-и, 1914-ж, Москва, архитектору Ф. О. Шехтель). XX кылымда расмий репрезентативдик М. – күмбөздөрдү куруу традициясы жандана баштаган. Ири курулуштар, эреже катары, ордо шаарлардын борбордук аянттарына курулган. Алардын кээ бирлери өкмөттүк трибуна болуп кызмат кылган. (Москвадагы В. И. Лениндин М-и, 1924, 1929–30-ж. архитектору А. Ф. Щусев; Анкарадагы Кемаль Ата-Түрктүн М-и, 1944–45-ж., архитектору Э. Онат; Софиядагы Г. Дмитровдун М-и, 1949, архитекторлору Г. Овчаров, Р. Рибаров; Улан-Баатырдагы Сухэ-Батор менен Чойбалсандын М-и, 1950-ж. архитекторлору Б. С. Мезенцев, Чимид; Ханойдогу Хо-Ши Миндин М-и, 1975-ж.).

Галикарнастагы Мавзолей.
Тадж-Махал.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү