Таж-Махал

Тадж-Махал‎»‎ барагынан багытталды)

Таж-Махал (Агра, Индия) – Улуу Моголдор мезгилиндеги инди архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги; Шах-Жахандын 38 жашында каза болгон аялы Мумтаз-Махалдын мавзолейи (кийин Шах-Жахандын сөөгү да коюлган).

Таж-Махал.

1630–52-жылдар ченде Агра шаарына жакын, Жамна дарыясынын жээгинде курулган. Таж-Махал (архитектору уста Исанын жетекчилиги менен 20 миң жумушчу.22 жылда куруп бүткөн) – бурчтарында 4 мунарасы бар, беш кумпалуу имарат (бийиктиги 74 мдей). Дубалы жылмакай ак мрамордон салынып, Кытай, Ирандан алып келинген асыл таштар менен шөкөттөлгөн (инкрустацияланган). Бет маңдайында фонтандары, бассейни бар бак жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү