Магнит сферасы

Магнитосфера‎»‎ барагынан багытталды)

Магнит сферасы, Магнитосфера (magnetosphere) – Жердин жана планеталардын Күн шамалынын бөлүкчөлөрүнүн геомагниттик талаа менен тездетилишинен түзүлүп Жерди курчап турган цилиндрдик область, башкача айтканда планетанын айланасындагы мейкиндиктин бөлүгү.

Күн шамалы менен Магнитосфера.

Магнитосферасынын физикалык касиети планетанын магнит талаасы жана ал талаанын космостон келген заряддуу бөлүкчөлөрүнүн агымы менен өз ара аракеттениши бонча аныкталат. Жердин Магнит сферасы күндүз 8 – 14 Rге созулат (R – Жердин радиусу), ал эми түнкүсүн бир нече жүз Rге жетет да Жердин магниттүү куйругун пайда кылат. Магнит сферасында радиациялык алкактар бар. Чолпон, Марс, Меркурийде даана эмес.

Магнит тынымы түзөтүү

Магнит тынымы (magnetopause) – магнит сферасынын тышкы чеги. Магнит тынымы боюнча корпускула агымдарынын бөлүкчөлөрү (Күн шамалы) магнит сферасын айланып өтөт. Магнит тынымындагы талаанын чыңалышы Жер бетине караганда миң эсе кичине.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7