Күн шамалыКүн таажысынын плазмасынын планеталар аралык мейкиндикке радиус боюнча таралуучу туруктуу агымы.

Күн шамалы менен Магнитосфера‎.

Планеталар аралык чөйрөдө плазманын агымы бар экен-диги космос эксперименттери башталганга чейин эле, магниттик куюндарды, түндүк жаркыроосун, космос нурларынын өзгөрүшүн, аномалдуу иондоштурууну, комета куйруктарынын Күндөн тескери багытталгандыгын изилдөөдө эле анык болгон. Күн шамалы жөнүндө далилдөөлөр космос аппараттарында орнотулган электр-статикалык анализаторлор жана заряддалган бөлүкчөлөрдү тосуп алуучу түзүлүштөр аркылуу алынган. Космос аппараттары Күн шамалын Сатурн жана Меркурий планеталарынын орбиталарынын ортосунан, эклиптика тегиздигинен изилдөөгө мүмкүндүк берет. Күн системасынын башка областтарында Күн шамалы радиометоддор, оптикалык байкоо жүргүзүүлөр аркылуу изилденүүдө. Күндүн түпкүрүнөн чыккан энергия агымы таажы плазмасын 1,5–2 млн. Кге чейин ысытат. Үзгүлтүксүз жүрүп турган ысытуулар нурлануунун эсебинен болгон энергиянын сарпталышы менен теңдеше албайт. Натыйжада ашыкча энергиялар кыйла бөлүкчөлөрдү К. ш. түрүндө алып келет. Ошентип күн таажысы гидростатикалык теңсалмактуулукта болбостон, үзгүлтүксүз кеңеет. Күн шамалынын курамы Күн таажысынын плазмасынан айырмаланбайт. Таажынын негизинде бөлүкчөлөрдүн радиус боюнча ылдамдыгы жүздөгөн м/секга жетет. Жер орбитасында протондордун ылдамдыгы 300–750 км/сек ны түзөт.

Күн шамалынын бөлүкчөлөрүнүн агымынын тыгыздыгы Сатурндун орбитасына чейин (r0/r)2 закону боюнча азая тургандыгы планеталар аралык космос станциясынын жардамы менен аныкталган. Мында r – Күнгө чейинки аралык, r0 – аныкталуучу аралык. Күн шамалы өзү менен кошо Күндүн магнит талаасынын күч сызыктарынын түйүнүн ала кетет, ошол себептен планеталар аралык магнит талаасы пайда болот. Жердин айланасында Күн шамалынын бөлүкчөлөрүнүн геомагниттик талаа менен кагылышы Жердин магнитосферасы алдында туруктуу согуу толкунун пайда кылат. Күндөгү ар кандай жарк этүүлөрдүн натыйжасында Күн шамалынын интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү геомагниттик талаанын жана магнит сферасынын өзгөрүшүнүн (магниттик куюн) негизги себеби болуп саналат.

Күн шамалынын химиялык изилдөө боюнча космостук эксперименттерден суутектен темирге чейинки элементтердин иондору табылган. Күн шамалында өтө кеңири таралган элементтер – суутек жана гелий.

Колдонулган адабияттар түзөтүү