Магниттүү материалдар - маг­нит талаасына жайгаштырылганда талаанын чоңдугун кескин өзгөртүүчү заттар Магниттүү материалдар тез магниттелгенине карата магниттүү жумшак жана магниттүү катуу материалдар болуп бөлүнөт.

Магниттүү кремний (0,3—0,6%) жана марганец (0,1—0,3%) кошулган куймадан тур­ган магниттүү-жумшак материалдардан трансформатор, генератор ж. б. жасап чыгарылат. Магниттуу ка­туу материалдарга чыңалышы миңдеген, он миңдеген кмге чейики күчтүү магнит талаасында канык­канга чейинки магниттенүүчү жана кайра магниттенүүчү заттар кирет. Алар калдыктуу магниттенүү абалын сактайт. Бул материалдардан өлчөгүч прибордо, микрокыймылдаткычтарда пайдалануучу туруктуу магнниттер жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.