Мадалы хан, Мадалихан Мухаммед Алихан (1807–1840) – 1822–1840-жылдары Кокон мамлекетинде бийлик жүргүзгөн хан. Омор хандын баласы, Нарбото бийдин небереси. Мадалы хан доору Кокон мамлекетинин саясий-экономикалык абалынын жогорулоо мезгили болгон. Мамлекеттин аймагы Түштүк Казакстан, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын тарапка чейин таркалган. Тышкы саясатта 1832-жылы Кытай менен келишим түзүлүп, ири ийгиликке жетишкен. Түндүк Кыргызстанда Пишпек, Токмок (1825), Жумгал, Тогузторо (1830), Куртка (1832) чептери курулган. Мадалы хан 1824-жылы Чүйгө, 1826-жылы Кашкарга жасалган жортуулдарга катышкан. Бирок, Мадалы хан өмүрүнүн акыркы жылдарында саясий иштерден оолак болуп, көп убактысын оюн-зоокко кетирген. Бухара эмири Насрулланын колдоосуна ээ болгон ордодогу козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү