Алмакунов Маданбек (1938, Нарын району, Учкун айылы — 1975, ошол эле жер) — обончу, ырчы, комузчу.
Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясын, 1961-ж. Горький шаарындагы музыкалык окуу жайынын баян, кийин Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын композиция классын бүткөн.
1961-жылдан Нарын, Жумгал музыкалык мектептеринде мугалим болуп иштеген.
Алмакунов 1961-жылдан обон чыгара баштаган. Азыркы кезде элдик обондорго айланган "Колхоз кечи", "Грейдерчи жигитке", "Нарыным", "Жеңеме", "Узатуу вальсы", "Ой, уул, ай", "Кайдасын сен", "Биринчи мугалим" жана башка обондордун автору. Бул обондор элдиктүүлугү, көркөм каражаттарынын көп түстүүлүгү, мукамдуулугу, жаркындыгы менен өзгөчөлөнөт.

Алмакулов Маданбек

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Колхоз кечи» с. Э.Курмановдуку
  • «Грейдерчи жигитке» с. Н.Жүндүбаеваныкы
  • «Нарыным» с. Н.Жүндүбаеваныкы
  • «Жеңеме» с. К.Маликовдуку
  • «Ой, уул, ай» с. Н.Жүндүбаеваныкы
  • «Келчи сен да айылга» с. Н.Жүндүбаеваныкы ж.б.

Дисктери түзөтүү

Колхоз кечи – Ж.Акималиев, Келчи биздин айылга (К.Күмүшалиев) – С.Шералиев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035857 58 005.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Т?з.: А.Чекиров, ?.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4