Маида сүрөсү (араб.: سورة المائدة) - Курандагы 5-сүрө болуп, 120 аяттан турат. Эң кийинки түшүрүлгөн Мединалык сүрөлөрдөн.

Куран.

Мазмуну түзөтүү

Бул сүрөдө бизге үлгү боло турган аңгемелер икая кылынат. Жөөттөр жана Масихчилер өз пайгамбарлары Муса (а.с) менен Ыйса (а.с)дын ыйманга болгон чакырыктарынан баш тарткандары кеңири баян этилет. Ошондой эле, Адам (а.с)дын эки уулу Кабыл менен Абылдын ортосундагы жаңжал жана жакшылык менен жамандыктын ортосундагы каршылык сүрөттөлөт.

«Маида» 5-сүрөсү
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!
Кыргызча котормо мааниси
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
1. О, ыйман келтиргендер! Убадаңарды аткаргыла! Силерге (төмөндө) окуп бериле тургандарынан башка бардык жандыктар адал кылынды. (Силерге)  Ихра болуп турган абалыңарда аң уулоо адал эмес. Аллах Өзү каалагандай өкүм кылат.

1.Эй, момундар! Убадаларыңарды аткаргыла. Силерге ихрамда[2] аңчылыкты адал санабоо шарты менен түшүндүрүлө[3]  турган айбанаттардан башкалары  адал кылынды. Чындыгында, Алла каалаганын[4] өкүм кылат.

2. О, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып турушу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокто (үзүүнү) жана Раббисинин пазилет, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, качан Ихрамдан чыксаңар аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүшүңөр, аларды Масжид - Аль-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!

2.Эй, момундар! Алланын белгилерине, ыйык айга[5], курбандыктарга жана моюндарына тагылган белгилерине, Эгесин ыраазылыгын жана жакшылыгын үмүт кылып, ыйык үйгө[6] келүүчү ажыларга сыйлабастык кылбагыла. Качан гана ихрамдан чыксаңар, аңчылык кылгыла. Силерди Харам Мечитинен тоскон[7] элдин жек көрүүсү[8] силерди чектен ашууга түртпөсүн,  жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу!

3. Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес. Дагы буттарга (мазарларга) атап союлган жандыктын эти жана «азлам»  менен пал ачууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасашыңар) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке фатх болгондон кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, нээмат-жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жешке мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.

3.Силерге өлүк[9], кан[10], чочконун эти жана Алладан башкага аталып, мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап[11], сүзүлүп өлгөн[12] жана жырткыч (айбандар) жеген[13] мал  арам кылынды.  Бирок жаны чыга элек учурда (Алланын аты аталып) мууздалган малдардан башкалары. Кадалган ташка[14] (буд-сөлөкөткө) арнап мууздалган мал жана төлгө менен бөлүнгөн мал да арам. Ушулар – бузукулук. Бүгүн каапырлар диниңден[15] үмүт үзүштү. Андыктан, алардан коркпогула, Менден корккула. Бүгүн силерге диниңерди жана (Менин) ырайымымды толук кылып, ислам динин силерге ыраа көрдүм. Кимде-ким күнөөгө умтулуудан эмес, ачкалыктан[16] (жешке) аргасыз болсо (күнөө эмес). Чындыгында, Алла – Кечиримдүү, Мээримдүү.

4. Сенден өздөрүнө эмнелер адал кылынганын сурашат. Айткын: “Силерге бардык таза-пакиза тамак-аштар жана колго үйрөтүлгөн (ит, бүркүт, ителги сыяктуу) жаныбарлар кармап келген нерселер адал кылынды. Силер аларды Аллах силерге билгизген нерсе (илим-таалим) менен колго үйрөткөн элеңер. Эми, ошол жаныбарлар силер үчүн кармап келген нерселерди жей бергиле. Жана аларды агы-тып жатканыңарда Аллахтын ысымын эстегиле. Аллахтан корккула! Аллах тез Эсептешүүчү!

4. Алар[17] сенден өздөрүнө эмне адал кылынганын сурашат. «[18]Силерге жакшы (таза) нерселер[19] адал кылынды» – деп айткын. Ошондой эле, Алланын силерге үйрөткөнүндөй: силер (үйдө) багып үйрөткөн (бүркүт сыяктуу алгыр) куштарды  (жиберерде) Алланын атын атагыла. Ал кармап келген нерселерден[20] жегиле.  Алладан корккула. Албетте, Алла тез эсеп кылуучу[21].

5. Бүгүн силерге (бардык) таза-пакиза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-пакиза аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты :) эгер махырын берип, зынаа кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо, анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.

5. Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин[22] тамактары[23] силер үчүн адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал.  Өзүн арамдан таза туткан момун аялдар жана китеп ээлеринин өздөрүн ыпластыктан сактаган аялдары менен калың берип, бузуку-ыпластык[24] кылбастан үйлөнүү силерге адал. Ким ыйманга каршы чыкса, анын сооптору жоюлат жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот.

6. О, ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар жүзүңөрдү, анан колуңарды чыканакка чейин (чыканакты кошуп) жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла жана да бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула. Эгер жүнүб (булганган) болсоңор - жуунгула. Ал эми, эгер оорулуу же сапарда, болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялдарыңарды сылап-сыйпаласаңар жана, (даарат же гусул) үчүн суу таппай калсаңар, таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) аны менен бетиңерди анан колуңарды сылагыла. Аллах силерге машакат жаратууну каалабайт. Бирок, силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нээматтарын толук берүүнү каалайт.

6. Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула. Башыңарды (суу менен) сылагыла[25]. Бутуңарды томуктарына чейин жуугула. Эгерде булганыч[26] болуп калсаңар, толук тазалангыла[27]. Эгерде оору, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же аялына жакындап, бирок суу таба албасаңар таза топурак менен таямум кылгыла[28]: Аны менен бети-колуңарды сыйпагыла. Анткени, Алла силерге кыйынчылыкты каалабайт. Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт.

7. Аллахтын силерге берген нээматтарын жана “уктук, моюн сундук” деген мезгилиңердеги Аны менен убадалашкан убадаңарды эстегиле. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах жүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү.

7. Алланын силерге берген жакшылыктарын жана: «Уктук, моюн сундук!» – деп, Аллага берген убадаңарды унутпагыла. Чындыгында, Алладан корккула!  Алла дилдердегини сөзсүз  Билүүчү!

8. О, ыйман келтиргендер! Аллах(тын ыраазылыгы) үчүн (сөзүңөрдө да, ишиңерде да) түз жана адилет туруп күбө болгула. Бир коомду жаман көрүүңөр, аларга адилетсиздик кылууга силерди мажбурлап койбосун! Адилет кылгыла! Ал такыбаага жакын. Аллахтан корккула! Албетте, Аллах силердин ишиңерден Кабардар.

8.  Эй, момундар! Алла (ыраазылыгы) үчүн күбөлүккө[29] бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилет болгула!  Ошол – такыбалыкка жакыныраак. Алладан корккула. Албетте, Алла  – эмне иш кылып жатканыңардан Кабардар!

9. Ыйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандарга Аллах кечирим жана улуу сооп-сыйлык болушун убада кылды.

9. Алла ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга кечирим жана улуу сыйлык убада кылды.

10. Ал эми, каапыр болуп, Биздин (анык чындыкты чагылдырып турган) аяттарыбызды жалганга чыгаргандар Тозоктун гана элдери.

10. (Алланын буйруктарына) каршы чыгып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – алар, Тозок ээлери!

11. О, момундар! Аллахтын силерге берген нээматын эстегиле: бир мезгилде, (душман болгон) коом кол салганда, Аллах алардын колун силерден тыйган эле. Аллахтан корккула жана момун адамдар Аллахка гана тобокел кылышсын!
12. Аллах Исрайил урпактарынан бекем ант-убаданы алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парыздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллах айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин Пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллахка жакшы карыз (садака) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган Бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр.
13. Ант-убадаларын аткарбагандары себептүү (кийин) Биз аларга каргыш жаадырдык, жүрөктөрүн катырып салдык. Алар (Ыйык Китептеги) сөздү өз ордунан (башка маанидеги сөзгө) алмаштырып жиберишти. Жана алар өздөрүнө эскертилген нерседен (Тоораттан) бир (нече) эсесин унутушту. Жана да сен (оо, Мухаммад), алардын бардыгын кыянаттын үстүндө табасың. Бир аз гана бөлүктөрү андай эмес. Сен алардын(н каталарын) кечирип кой. Аллах эхсан (жакшы амал) кылуучуларды сүйөт.
14. “Биз – насаараларбыз” деген адамдардан да ант-убада алган элек. Алар дагы өздөрүнө эскертилген нерседен (Инжилден) бир бөлүгүн унутуп жиберишти. Натыйжада Биз алардын араларына тээ Кыяматка чейин (өз ара) душманчылык жана жек көрүүнү салып койдук. Жана Аллах аларга жакында жасаган кылмыштарынын кабарын берет (жана ошого жараша азапка дуушар кылат.)
15. Оо, китеп элдери! Мына, силерге Биздин Пайгамбарыбыз (Мухаммад) силер Китептен (Тоорат менен Инжилден) жашырып койгон көп нерселерди силерге баян кылып жана (башка) көп нерселерди(н сырын) ачпай, жөн койгон абалда келди. Силерге Аллахтан Нур (Мухаммад) жана анык Китеп (Кураан) келди.
16. Аллах ал (Китеп) менен, Өзүнүн ыраазычылыгына ээрчиген адамдарды (азаптан) саламатта болуу жолдоруна баштайт. Жана аларды Өз каалоо-уруксаты менен, (каапырлыктын) караңгылыктарынан (Исламдык) Нурга чыгарып, Туура Жолго баштайт.
17. “Аллах – бул Марямдын уулу Ыйса”-деген адамдар каапыр болушту. Айт: эгер Аллах Марямдын уулу Ыйсаны, жана анын апасын жана жер жүзүнүн бардык адамдарын жок кылууну кааласа, Аллах тарабынан (келген бул балээнин) бир гана нерсесин кайтарууга кимдин кудурети жетмек?! Асмандар жана Жердин жана экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселердин падышалыгы (жалгыз) Аллахка таандык. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
18. Яхудийлер менен христиандар: “Биз Аллахтын балдары жана сүйүктүүлөрү болобуз” - дешти. Айткын: “Анда эмне үчүн Аллах силерди күнөөңөр үчүн азаптайт?” Жок, силер деле Аллахтын жараткандарынан болгон (жөнөкөй эле) инсансыңар. Ал Өзү каалаган пендесинин (күнөөлөрүн) кечирет жана каалаганын азапка дуушар кылат. Асмандар, Жер жана ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин мүлкү Аллахка таандык. Жана Ага гана кайтуу бар.
19. Оо, китеп ээлери! Мына, (мурунку) Пайгамбарлардан кийин бир нече замандар өтүп, (силер Пайгамбарга өтө муктаж бир мезгилде) силерге Биздин Пайгамбарыбыз (Мухаммад) келди. (Келишинин себеби) силер (Кыяматта) “Бизге не бир Бейиш кабарчысы, не бир Тозок кабарчысы келген эмес” деп айта албасыңар үчүн. Силерге Бейиш-Тозоктон кабар берүүчү (Пайгамбар) анык келди. (Аны уккула). Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
20. Бир кезде Муса коомуна (мындай) деди: “Оо, коомум! Аллахтын силерге берген нээматтарын эстегиле! Бир кездерде Аллах силердин араңардан Пайгамбарларды, падышаларды чыгарды жана силерге ааламдардан эч кимге бербеген нээматтарды берди.
21. Оо, коомум! Аллах силерге (кирүүнү) парыз кылган (мына бул) Ыйык Жерге киргиле жана (коркоктук кылып) артыңарга кайтпагыла, зыян тартуучулардан болуп каласыңар».
22. Алар айтышты: “Оо, Муса”, анда бакубат, кайраттуу адамдар бар экен. Ошолор чыгып кетмейинче, биз ал жерге кире албайбыз. Эгер алар өздөрү чыгып кетишсе, анан биз киребиз”.
23. (Ошондо) Аллахтан корко турган, Аллах аларга (сабырдуулукту, эр жүрөктүүлүктү) нээмат кылып берген эки адам айтты: “Алардын үстүнө эшиктен кирип баргыла. Кирип эле алсаңар, силер жеңүүчү болосуңар. Жана эгер момун болсоңор, Аллахка гана тобокел кылгыла”.
24. Айтышты: «Оо, Муса, алар (бакубат адамдар) шаар ичинде болуп тарса, биз эч качан кир-бейбиз! Бара бер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде гана отурабыз!»
25. (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым(Харун)дан бөлөк эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып (аларды кылмышына жараша) жазала!»
26. Аллах (Пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн бушайман болбо!»
27. Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахты ырааазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык атап, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”. (Экинчиси) айтты: «Аллах такыбаа кишилердин гана курмандыгын кабыл алат.
28. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Ааламдардын Раббисинен коркомун.
29. Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кай-тып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Заалымдардын жазасы - ушул!»
30. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды.
31. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп бушайман кылуучулардан болуп калды.
32. Ушул (окуя) себептүү, Биз Исрайил урпактарына (төмөндөгүчө өкүмдү) парыз кылдык: «Кимде-ким (шарият буюрган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган бир (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот. Аларга (Исрайил урпактарына) Биздин Пайгамбарларыбыз (эч ким каяша айта албай турган) далилдерди алып келди. Мына ушундан кийин деле, алардан көпчүлүгү жер жүзүндө аша чаап, чектен чыгып жатышат.
33.Аллахка жана Пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болушу үчүн) жана Акыретте аларга улуу азап бар.
34. Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тооба кылып келишсе, билип койгула, Аллах -Кечиримдүү, Ырайымдуу.
35. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахтан корккула, Ага жакын болуунун жолдорун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетсеңер ажеп эмес.
36. Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн бардыгы, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, жана ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар.
37. Алар (дүйнө-мүлк берип) Тозоктон чыгууну каалашат. Бирок, андан чыга алышпайт. Жана аларга түгөнгүс-түбөлүк азап бар.
38. Уурулук кылган эркек жана аялды, кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.
39. Ал эми, ким заалымдыгынан (уурулугунан) кийин тооба кылып, (өзүн) оңдосо, Аллах анын тообасын кабыл алат. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
40. (Оо, Мухаммад!) Сен асмандар жана жер-де болгондун баары Аллахтын мүлкү экенин, Аллах каалаганын азаптап, каалаганы үчүн кечирим беришин билбедиңби?! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.
41. Оо, Пайгамбар! Ооздору менен “ыйман келтирдик” деп, жүрөктөрү ыйман келтирбеген мунафыктардан жана яхудийлерден болгон каапырчылык тарапка чуркап бараткандар сени кайгыга салбасын. Алар жалганды жана (бүт иш-аракети жалганга негизделген) башка коомду (яхудийлердин диний башчыларын) угушат. Алар (динбашчылар) болсо, сенин алдыңа келбейт, (элдерди адаштыруу үчүн Тоораттагы) сөздөрдү өз ордунан башкасына алмаштырышат. (Жана өздөрүнө кеңеш сурап келгендерге) “Эгер (силерге Мухаммад тарабынан өз каалооңорго ылайык келген) мына бул өкүм берилсе - алгыла. Ал эми, андай өкүм берилбесе - албагыла” дешет. Аллах кимдин бузулуусун кааласа, сен анын пайдасына Аллах тарабынан эч нерсеге ээ эмесиң. Алар – Аллах жүрөктөрүн тазалоону каалабаган адамдар. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте чоң азап бар.
42. Алар жалганга кулак салуучулар, арамды сугунуучулар. Эгер алар сага (өкүм сурап) келсе, кааласаң - өкүм кыл, кааласаң - жүз бур. Эгер жүз үйрүсөң да, сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер өкүм кылчу болсоң, алардын арасында (ким болушуна карабай) адилеттик менен өкүм кыл. Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт.
43. Алар эмне үчүн сенден өкүм сурап жатышат?! Алардын алдында Тоорат бар го! Анда Аллахтын өкүмдөрү бар эле го?! Кийин... ушундан кийин деле, тескери карап (өкүмдү аткарбай) кетишет. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес!
44. Биз (Муса Пайгамбарга) ичинде Нур жана Туура Жол болгон Тооратты түшүрдүк. Аны менен яхудийлерге, Аллахка моюн сунган Пайгамбарлар, раббанийлер (элдерди Шарият боюнча тарбиялагандар) жана чоң аалым-уламалар өкүм кылышты. Себеби, Аллахтын китеби аларга аманат коюлган жана алар ал Китепке күбө болуучулар эле. (Оо, диний жетекчилер!) Адамдардан коркпогула! Менден гана корккула! Жана Менин аяттарымды аз гана баага сатып жибербегиле! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса... алар анык каапырлар!
45. Жана Биз аларга (яхудийлерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса... ошолор гана анык заалымдар.
46. Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изинен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Ыйсаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоо-чу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик.
47. Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык бузукулар!
48. (Оо, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н ичиндеги бардык абзелдиктерди) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (Оо, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык. Эгер Аллах кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет.
49. Алардын (яхудийлердин) арасында Аллах түшүргөн нерсе (Кураан, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Сени Аллах сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллах аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Жана адамдардан көпчүлүгү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар.
50. Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн Аллахтан да жакшы өкүм түзүп берүүчү ким бар?!
51. Оо, ыйман келтирген адамдар! Яхудийлер менен христиандарды дос тутпагыла! Алар бири-биринин достору. Силерден кимде-ким аларды дос тутса, демек, ал - ошолордон! Албетте, Аллах заалым адамдарды Туура Жолго баштабайт!
52. Анан сен (оо, Мухаммад), жүрөгүндө (мунафыктык) оорусу бар адамдардын, алар (яхудийлер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, өз тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүү мунафыктар) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.
53. Жана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарынан кыжырданышып): “Кайра-кайра ант ичип: “Биз силер мененбиз”- дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.
54. Оо, момундар! Силердин араңардан кимде-ким өз дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган, ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жандарын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын айыптоолорунан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын пазилети, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (эхсан-жакшылыкта) Кенен жана Билүүчү.
55. (Оо, момундар!) Силердин досуңар - Аллах, Анын Пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунган абалда намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.
56. Жана ким Аллахты, анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңүүчү!
57. Оо, момундар! Силердин диниңерди эрмек-шылдың кылып алган каапырлар менен силерден мурда Китеп берилгендерди дос тутпагыла! Эгер момун болсоңор, Аллахтан корккула!
58. Эгер аларды (азан айтып) намазга чакырсаңар, аны (намазды) да эрмек-келеке кылышат. Бул алардын акылсыз коом болгону себептүү.
59. Айткын: “Оо, китеп элдери! Бизди болгону, Аллахка ыйман келтиргенибиз үчүн, өзүбүзгө түшкөн жана мурда түшкөн китептерге ишенгенибиз үчүн жана көпчүлүгүңөр бузук болгонуңар үчүн эле жаман көрө бересиңерби?!
60. Айткын: “Силерге Аллахтын алдында мындан да жаманыраак жазалана тургандар жөнүндө айтып берейинби? Алар - Аллах каргыш жаадыргандар, каарына алгандар, аларды маймылдарга жана доңуздарга айланткандар жана Таагутка (Аллахтан башка «кудайга») сыйынгандар! Ошолор эң жаман орунда жана Туура Жолдон эң көп адашкандар!
61. Алар эгер силерге келишсе: “Ыйман келтирдик” - дешет. Бирок, Чынында, алар (алдыңарга) каапырлык менен кирип, каапырлык менен чыгышат. Аллах алардын жашырган нерселерин көбүрөөк Билүүчү.
62. Жана сен алардан (яхудийлерден) көпчүлүгүн күнөөгө, зулумга жана арамдан жегенге биринен бири өтүп чуркагандарын көрөсүң. Алардын жасаган иштери кандай жаман!
63. Алардын раббанийлери, (диний таалим берүүчүлөрү) жана (чоң) аалымдары аларды күнөө сөздөрдөн, арам жегенден кайтарышпайбы?! Алардын иштери кандай жаман!
64. Яхудийлер “Аллахтын колу байлануу” (бакыл, сараң) дешти. Өздөрүнүн колдору байланып калсын! Жана сүйлөгөн сөздөрү себептүү каргыш-наалатка калышты. (Оо, Мухаммад!) Сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан, ага ишенишпегени себептүү) алардан көпчүлүгүнүн күнөөлөрүн жана каапырчылыгын көбөйтөт. Биз алардын арасына тээ Кыямат күнүнө чейин душманчылык жана жек көрүүнү түшүрдүк. Качан (мусулмандарга каршы) согуш отун тутандырышса, аны Аллах өчүрүп турат. Алар жер бетинде бузукулук таратып (кезип) жүрүшөт. Аллах бузукуларды сүйбөйт.
65. Эгер китеп элдери (Аллахка, периштелерине, бардык китептерине, бардык Пайгамбарларына, Акыретке жана тагдырга) ыйман келтирип, такыбаа болушса Биз алардын (өткөндөгү) күнөөлөрүн кечирип, сөзсүз “Наим” (деп аталган) Бейиштерге киргизебиз.
66. Эгер алар Тоораттын, Инжилдин жана Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерселердин өкүмдөрүн толук аткарганда, үстүлөрүнөн (асмандан) жана астыларынан (жерден) ырыскыларды (мол) жешет болчу. Алардын арасында (Тоорат, Инжил өкүмдөрүнө) ылайык жашагандары бар. Бирок, көпчүлүгү өтө жаман иштерди жасашат!
67. Оо, Пайгамбар! Раббиң тарабынан сага түшүрүлгөн нерсени (Ислам динин, бардык элдерге) жеткир! Эгер муну аткарбасаң, Аллахтын элчилигин жеткирбеген болосуң! (Элчиликти жеткирүүдө эч кимден коркпо). Сени адамдардан Аллахтын Өзү сактайт. Аллах каапыр коомду Туура Жолго баштабайт.
68. Айткын: “Эй, китеп элдери! Силер качан Тооратка, Инжилге жана силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн (бардык) өкүмдөргө толук моюн сунмайынча эч бир динде эмессиңер. (Оо, Мухаммад!) Сага Раббиңден түшүрүлгөн нерсе (Кураан) алардан көпчүлүгүнүн күнөө-каапырчылыгын көбөйтүшү шексиз. Сен каапыр коомдорго капа болбо.
69. Албетте, момун-мусулмандар, яхудийлер, сабиий жана христиандардан кимде-ким Аллахка, Акыретке ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасаса, аларга коркунуч да болбойт, кайгы-капага да батышпайт.
70. Биз Исрайил урпактарынан ант-убадасын алып, Пайгамбарларды жибердик. Ар качан аларга бир Пайгамбар напсилери каалабаган өкүмдү алып келсе, кээ бирөөлөрүн “жалганчы” дешип, кээ бирөөлөрүн өлтүрүп жиберишти.
71. Жана “Бизге фитна (азап) болбойт” деп ойлошуп, (чындыктын алдында) сокур-дүлөй болуп алышты. Кийин (тообо кылышканда) Аллах алардын тообаларын кабыл алды. (Бирок) кийин алардан көпчүлүгү кайрадан сокур-дүлөй болуп алышты. Аллах алардын кылмыштарын көрүүчү.
72. “Аллах – бул Марямдын уулу Ыйса” дегендер анык каапыр болушту. Чындыгында, Ыйса-Масих аларга: “Оо, Исрайил урпактары! Менин жана силердин Раббиңер болгон Аллахка гана ибадат кылгыла! Кимде-ким Аллахка (мениби же башканыбы) шерик кылчу болсо, Аллах ага Бейишти арам кылат жана жайы Тозок болот. Өзүнө зулум кылуучуларга жардамчы (аларды тозоктон куткаруучу) болбойт!
73. “Аллах – үчөөнүн үчүнчүсү” дегендер да анык каапыр болушту! Жалгыз Кудай - Аллахтан башка бир да (сыйынууга татыктуу) кудай жок! Эгер сүйлөгөн (ката) сөздөрүнөн кайтышпаса, алардын арасынан каапыр болгондорун жан ооруткан азап кармайт!
74. Аллахка тооба кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.
75. Марямдын уулу Ыйса болгону, бир Пайгамбар. Андан мурун да Пайгамбарлар өткөн. Анын апасы «сиддика» (айкын илимдүү, таза ыйман-ибадаттуу) аял болгон. Алардын экөө тең тамак-аш жеп жүрүшкөн. Биз аларга Өз аяттарыбызды кандай баяндап бергенибизди жана (ушуга да карабай) алардын (Аллах жөнүндө) кандай дооматтарды ойлоп чыгаргандарын көрүп койгун.
76. Айткын: “(Оо, христиандар!) Силер Аллахтан башка, силерге пайда да, зыян да бере албаган нерселерге сыйынасыңарбы?! Аллах Угуучу, Билүүчү!»
77. Айткын: “Оо, китеп элдери! Диниңерде кыянаттык менен чектен чыкпагыла! Мындан мурун адашкан, көп адамдарды адаштырган жана түз жолдон тап-такыр адашып кеткен коомдун каалоолоруна ээрчип кетпегиле.
78. Исрайил урпактарынан каапыр болгондору Дауд жана Марямдын уулу Ыйсалардын тили менен каргышка калышкан! Бул (каргыш) күнөө кылгандары жана чектен чыккандары себептүү болду.
79. (Дагы) алар жасап жаткан күнөө иш-терден бири-бирин кайтарышкан эмес. Бул иштери кандай жаман жорук!
80. Алардын көпчүлүгү каапырларды дос кылып алганын көрөсүң. Өз баштарына өздөрү келтирип алган нерсе - Аллахтын аларга болгон жек көрүүсү кандай жаман! Жана алар азапта түбөлүк калышат!
81. Эгер алар Аллахка, Пайгамбарга жана Пайгамбарга (Аллах тарабынан) түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтиришкенде, каапырларды дос кылып алмак эмес. Бирок, алардын көпчүлүгү (каапырды дос туткан) бузукулар.
Жетинчи бөлүм
82. (Оо, Мухаммад!) Сен, момундарга адамдардын эң катуу душман болгондору - яхудийлер жана мушриктер экенин көрөсүң. Ал эми, “Биз - христиандарбыз” дегендерди болсо, момундар үчүн жакыныраак дос экенин көрөсүң. Мунун себеби алардын арасында (яхудийлер сыяктуу орой болбогон) дин аалымдары жана кечилдери бар. Жана алар текеберленишпейт.
83. Алар Пайгамбарга түшүрүлгөн нерсени (Кураанды) уккан кезде, өздөрүнө тааныш болгон акыйкат(ты угушканы) себептүү, көздөрү жашка толгонун көрөсүң. (Анан алар): “Оо, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик! Бизди (Аллахтын жалгыздыгына эң туура) күбөлүк берүүчүлөрдүн (мусулмандардын) катарына жазып кой!
84. Бизге эмне болгон экен, Аллахка (туура) ыйман келтирбей жана бизге келген акыйкатка ишенбей туруп эле, Раббибиз бизди салих (жакшы) коомдор (мусулмандар) менен бирге Бейишке киргизүүсүн үмүт кылып жүрүптүрбүз?!” - дешет.
85. Аллах аларды, (жүрөктөн) айткан сөздөрү (ыймандары) себептүү, астынан дарыялар аккан Бейиштер менен сыйлады. Алар анда түбөлүк калышат. Бул - жакшы амал кылуучу адамдардын сыйлыгы!
86. Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарып жүргөн адамдар – тозок ээлери!
87. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллах силерге адал кылган пакиза нерселерди (өзүңөргө) арам кылып албагыла! Жана чектен чыкпагыла! Аллах чектен чыккандарды жакшы көрбөйт!
88. Аллах силерге ырыс кылып берген адал-пакиза нерселерди (өзүңөргө арам кылып албай) жей бергиле. Өзүңөр ыйман келтир-ген Аллахтан корккула!
89. Аллах силерди алаңгазарлык менен (ойлонбой) ичкен антыңар үчүн азаптабайт. А, бирок, жүрөгүңөргө бекем түйгөн антыңар үчүн (эгер аткарбасаңар) азаптайт. Эми анын (ант ичип, аткарбай койгондун) төлөмү үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо, бир кулду азат кылуу. Ким муну(н кара-жатын) таппай калса, үч күн орозо кармоо. Ушул - ичкен жана бузуп койгон антыңардын төлөмү. Бирок, антыңарды сактагыла! Шүгүр кылуучу (пенделерден) болушуңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат.
90. Оо, ыймандуу адамдар! Арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу таякчалары) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан сак болгула, (тозоктон) кутулсаңар ажеп эмес.
91. Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!
92. Жана (Оо, момундар) Аллахка, Пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнунда анык жеткирүүдөн башка вазыйпа жок.(Кээ бир мусулмандар «Арак арам боло электе аны ичип жүргөн бурадарларыбыздын абалы кандай болот эми?» деп кайгыра баштаганда, алардын маселесине жооп иретинде төмөнкү аят түшкөн :)
93. Ыйман келтирип, салих амалдарды кылып жүргөн адамдар үчүн- эгер такыбаа, ыймандуу, жакшы амал кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын сызып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыбаа, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.
94. Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллах, эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билиш үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт. Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.
95. Оо, ыйман келтирген адамдар! Ихрамда болгон абалыңарда аңчылык кылбагыла! Силерден кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек сүрөтүндө тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адил киши калыс өкүмдарлык кылат. Же болбосо (экинчи жазасы) - мискин-кедейлерди тамактандыруу  Же болбосо, өз ишинин убал-зыянын татуу үчүн ошого тең орозо тутуу. Өткөн күнөөлөрдү Аллах кечирет. Жана ким чектен чыкса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!
96. Силерге деңиздин олжосу жана (өлүп, жээкке чыгып калган) даам-тамагы (ихрамда болсоңор да) адал кылынды. Силерге жана башка мусапырларга пайда болсун үчүн. Бирок, ихрамдагы кезиңерде, силер үчүн кургактыкта аң уулоо арам кылынды. (Кыяматта) Анын алдына чогула турган Аллахтан корккула!
97. Аллах Каабаны – Байт аль-Харамды, согуш арам кылынган айларды, Аллахка арналган белек-жандыктарды жана (ал жандык-тардын мойнуна асып коюлган) мончокторду адамдар үчүн тууралыктын негизи кылып койду. Бул (нерсе) Аллах асмандар жана жердеги нерселерди билишин билип коюуңар үчүн. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!
98.Билип койгула, Аллах – катуу азап берүү-чү жана Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.
99.Пайгамбардын вазыйпасы (динди) жеткирүү гана. Ал эми, жашыруун жана ашкере кылган ишиңердин баарын Аллах билет (жана ошого жараша эсептешет).
100. Айт: «Эгер сени ыпыластыктын көптүгү кызыктырса да, “ыпыластык менен тазалык эч качан тең болбойт. Оо, акылмандар! Аллахтан корккула, жеңишке жетээрсиңер”.
101. Оо, ыйман келтиргендер! Ар нерсени сурай бербегиле. (Жообу) билингенде өзүңөргө оор кылып аласыңар. Эгер алар жөнүндө сурасаңар, Кураан түшүп жаткан мезгилде силерге маалым болот. Чынында, Аллах ал нерселерди (унчукпай коюу менен) кечирген болчу. Аллах - Кечиримдүү, Жум.
102. Аларды (пайдасыз суроолорду) силерден мурунку адамдар (көп) сурашып, каапырларга айланып калышты.
103. Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди” да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапыр болгон адамдар Аллахтын атынан жалган айтышат. Жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.
104. Эгер аларга: “Аллах түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана Пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу болсо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)?!
105. Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер! Эгер Туура Жолго түшүп калган болсоңор, адашкандар силерге зыян жеткире албайт. Бардыгыңардын кайтууңар - Аллахка. (Ошондо, Аллах) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет.
106. Оо, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адил адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетип калчу болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллах үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” - деп ант ичишет.
107. Эгер жанагы эки (дини башка) күбөнүн кыянат кылганына кандайдыр белги болуп калса, ал экөөсүнүн ордуна (өлүктүн) жакындарынан эки адам күбө болууга көбүрөөк акылуу. Алар дагы: “Биздин күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнө караганда акыйкат. Биз (бул күбөлүгүбүздө) акыйкаттын чегинен чыкканыбыз жок. Эгер чыксак, анда заалымдардан болуп калабыз” - деп, Аллахтын атына ант ичишет.
108. Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, ичкен анттарынан кийин, ал антты (өлүктүн жакындары) кабыл албай коюусунан коркууларына жакыныраак өкүм. Аллахтан корккула жана угуп алгыла: Аллах моюн сунбаган - фасык (бузук) адамдарды Туура Жолго баштабайт.
109. (Кыямат) Күндө Аллах Пайгамбарларды чогултуп: “(Даават кылган элиңер тарабынан) эмне жооп алдыңар?” - деп сурайт. Алар: “(Оо, Рабби!) Билбейбиз. Кайып нерселерди Өзүн гана Билүүчүсүң” - дешет.
110. (Оо, Мухаммад!) Эстегин, Аллах айтты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Менин сага жана апаңа берген нээматымды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллахтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен, ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исрайил урпактары (яхудийлер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкырдан башка нерсе эмес” - дешкен.
111. Биз (сага) шакирт болгондордун жүрөгүнө: “Мага ыйман келтиргиле, Пайгамбарыма ишенгиле!” - деп илхам салганыбызда, алар: (Оо, Рабби!) Биз ыйман келтирдик” Өзүң күбө бол: Биз - мусулмандарбыз!” - дешкен.
112. Дагы бир кезде шакирттер айтышты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Раббиң бизге асмандан (ичинде тамак-ашы менен) бир дасторкон түшүрүп бере алабы?” (Ыйса) айтты: “Эгерде ыймандуу болсоңор Аллахтан корккула,!”
113. Алар айтышты: “Биз (шек келтиргенибиз жок, болгону) андан жеп, жүрөктөрүбүз канааттансын дедик жана сен бизге туура сүйлөгөнүңдү билип, ага (дасторконго) күбө болууну гана кааладык”.
114. Марямдын уулу Ыйса айтты: “Оо, Раббибиз! Бизге асмандан дасторкон түшүрө көр! Ал бизге: абалкыларыбызга да, акыркыларыбызга да майрам жана Сенден бир моожиза болуп калаар! Жана бизге ырыскы бергейсиң! Өзүң эң жакшы ырыс берүүчүсүң!”
115. Аллах айтты: “Мен аны силерге түшүрөмүн. Бирок, андан кийин ким каапыр болсо, Мен аны, ааламда эч кимге бербеген азап менен азаптаймын!!!
116. Жана бир кезде Аллах айтты: “Оо, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “Оо, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң!
117. Мен аларга өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганың- аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң.
118. Эгер аларды азапка салсаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!”
119. Аллах айтты: «Ал (Кыямат) Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган Бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул -эң улуу жеңиш!
120. Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасында болгондун баары Аллахтын мүлкү! Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»
[1] Дасторкон
[2] Ажылык парзын аткарып жаткан кезде кийилүүчү атайын кийим
[3] Кийинки айаттарда
[4] Каалаган мыйзамын
[5] Зулхижжа  айы (өзгөчө, анын 8,9,10,11,12-күндөрү)
[6] Кааба
[7] Барууга тоскоол кылган
[8] мусулмандарды
[9] Алланын аты аталып мууздалбастан, арам өлүп калган малдын эти
[10] Адал, же арам  өлгөнүнө карабастан бардык малдардын аккан каны
[11] Бийик жардан, жерден
[12] мүйүздүү мал сүзүп
[13] Жырткыч айбандар жегенинен калган эттер
[14] Будпарастыктын салт-жөрөлгөсү менен мууздалган
[15] Силерди өз диниңерден тосуп, тоскоол болуудан натыйжа чыкпасына көздөрү жетишги
[16] Алла арам кылган малдардын этин эптеп аман калуу, убактылуу жан сактоо үчүн, керектүү өлчөмдө жесе
[17] Мусулмандар
[18] Эй, Мухаммед!
[19] Ислам шарийатында адал кылынган тамактар (алар адам ден соолугуна да зыйансыз)
[20] Жаныбарлардын этин
[21]Жазасын, же сыйлыгын тез берүүчү
[22] Иудей жана христиандардын
[23] Дандан, жер-жемиштерден, сүттөн жасалган тамактары, кыскасы эт азыктарынан башкалары
[24]ойноштук
[25] Масх тарткыла
[26]Толук дааратсыздык абалы: Түшүркөп айалы менен кошулуу, же айалдын төрөт, этек кир сыйактуу абалдары (“жунуп” – б.а. “булганыч” абалдар деп эсептелет).
[27] Бой даарат (гусул даарат) алгыла
[28] Тайамум же б.а. топурак менен даарат алуунун жолу башка китептерде кеңири айтылган
[29] Кандайдыр бир нерсе же адамдын иши тууралуу күбөлүк берген кезиңерде жалган айтпай, Алладан коркуп, чындыкты гана айткыла!
[30] Аллага гана тайануу
[31] Алла жолунда мал-мүлкүңөрдү сарптасаңар
[32]Оргиналда: “Жолдун ортосунан тайган болот”.
[33] Таш кылып салдык
[34] Башка, өздөрүнүн пенделик сөздөрү менен
[35] Эй, Мухаммед!
[36] Кийин сенин үммөттөрүң да учурашат. Бирок, билип койушсун: Алланы жеңүү эч качан мүмкүн эмес!!!
[37] Согушта колго түшүп, ыйман келтирип, же кечирим сурашып, чөгөлөгөн учурларда
[38]жазалайт
[39]Забур, Тоорат, Инжилдеги
[40]Силер элге айтпай, жашырган
[41]Атайылап, Алланын эрки менен
[42]Куран
[43] Куранда Иса пайгамбар “Масих” деп да аталат. “Масих” – “сылоочу” дегенди билдирет. Анткени Иса (а.с.) адамдарды сылоо менен айыктырган.
[44] Исадан  (а.с.) кийин Мухаммед (а.с.) чейин 600 жылга жакын убакыт өткөн, ушул узак убакыт ичинде христианчылык  мурдагы түрүнөн абдан өзгөрүп кеткен болчу
[45]Мухаммед (а.с.) тууралуу айтылууда
[46]Куддус
[47]Иудейлер (еврейлер)
[48]Алла Таала экөөң
[49]Еврейлер менен
[50]Боор ооруп, аларды айап
[51]Курмандыгы кабыл болбогон уулу
[52]Курмандыгы кабыл болгону
[53]Такыбалардын курмандыгын гана
[54] Адам Атанын Кабыл жана Абыл деген эки уулу болгон, Кабылы өзүнүн жаман көргөн нерсесин, Абыл болсо өзү эң жакшы көргөн нерсесин Алла үчүн курмандыкка чалат. Ошентип Абылдын курмандыгы кабыл болуп, Кабыл ичкүптүлүк, ичитардык жана көралбастыктан улам өз бир тууганын өлтүрөт
[55]Бир тууганымдын денесин жерге  жашыра албадым.
[56] Бирөөгө зомбулук кылуудан мурда, тообо кылып, ал жаман оюйуңардан кайисаңар
[57] Мойун сунуу аркылуу
[58] Мухаммед (а.с.)
[59] Иудейлердин
[60] Иудейлер Курандын өздөрүнүн напсисине дал келген жерлерин алып, адам колу менен өзгөртүүлөргө дуушар болгон Тооратка же өз напсилерине дал келбесе, аны пайдаланбоону Мухаммед  алейхи саламга сунуш кылышкан
[61] Алардын ортосуна жаралган талаштуу маселе бойунча
[62] Иудей дининин поптору
[63]Иудей дининин шарийатын мыкты билгендер
[64] Тооратта
[65] Жандын, же жаракаттын кунун
[66] Куран менен
[67]Шариат, эреже
[68] Маселен, ким мусулман болуп  өмүр кечирет, ким каапырлыкты тандап алат – ал ар кимдин өз иши
[69]Алардын көңүлү каалаган нерселерди
[70] Анда ал Кыйаматта ошолор менен чогуу азапталат
[71] Дилинде Исламга болгон кеги, кара ниети, арам ойу болгон Абдулла инбу Убай сыйактуулар…
[72] Мусулмандардын арасында жүргөнү менен, же тигилер (иудейлер жана христиандар), же булар (мусулмандар) менен болуу зарылдыгына акылдары жетпей, арсар абалда жүрүшөт. Анткени мунафыктардын ыйманы алсыз…
[73]Момундар ошондо мунафыктардын бети ачылган абалдарына таң калышат…
[74] Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин, бутпарастардын
[75] Кошумча (напил) намаз окуучу момундар
[76] Каапырларды…
[77] Азан айтсаңар
[78] Таагутка – Шайтан, иудейлер сыйынган торпок, буддар ж.б.у.с. Алладан башка нерселерге сыйынуу…
[79] Б.а. алар каапыр бойунча “ыйман келтирдик” дешип жалган айтышып,  кийин да ошол каапыр бойунча кала беришкен: дидарында эч өзгөрүү болгон эмес.
[80] Иудейлер «сараң» деген маанини айткысы келишкен
[81] Куран
[82] Бейишке
[83] Тоораттын, Инжилдин ичиндеги Алланын буйруктарын аткарышканда
[84] Курандагы буйруктарды
[85] Абдулла ибн Салам жана анын жолдоштору сыйактуу. (Тафсир ал-Жалалайн)
[86] Курандын айаттарын жана алардын маанилерин
[87]Курандын айаттарындагы буйруктарды
[88] Жылдыздарга сыйынган христиандар
[89] Кыйаматта
[90] Пайгамбарларды “жалганчы” дешип, аларды өлтүрүшкөнү үчүн кырсык келбейт деп
[91] Курандын айаттарын окуп, укпай койушту
[92] Кудай
[93]Б.а. периште эмес, эл сыйактуу эле
[94]Эй, Мухаммед!
[95]сөлөкөттөргө
[96]Эй, Мухаммед!
[97] Тыгыз мамиледе жашашканын
[98] Тозок  азабы
[99] Куранга
[100]Кудайга шерик кошушкандар
[101] Исанын динин өзгөртпөгөн чыныгы христиандар
[102] Ислам динин терең түшүнгөн
[103] Чыныгы христиандар
[104] Бейишти
[105]чын дилиңерден чыкпаган
[106] Эгер берген антыңарды бузсаңар, аткарбасаңар, баш тартсаңар
[107] Жөнү жок эле Алланын антка кошо берүү дурус эмес экенин Алла “Ваакиа” сүрөсүндө эскерткен. Ал эми бул жерде ант ойунчук эмес экенин, ант ичкенде да ойлонуп, анан бузууга туура келсе, анда эмне кылуу өкүмүн байандап жатат.
[108] Сөлөкөттөр
[109] Курандын маани-маңызын, Тозок, Бейиш кабарын
[110] Мурда билбей жегендери
[111] Чынчылдык менен жакшылык кылуучу мусулмандарды
[112] Ихрам кийип жүргөн кезиңерде
[113] Аңчылыкка мүмкүндүк түзүү аркылуу
[114]Өлтүрүлгөн жаныбардын баасындагы бир үй жандыгын курбандыкка чалат
[115] Аңчылык жаныбарын уруксатсыз өлтүрүп, бирок анан чын дилинен тообо кылган адамдын өткөн күнөөсүн
[116] Деңиз жаныбарларын
[117] Бул жерде “тайаныч” “тирек” деген  маанини туйунткан сөз, сөздүн түз маансине караганда каймана маанисине көбүрөөк жакын: 1) Аллага гана ибадат кылуунун туу чокусу болгон ажылык ошол жерде жасалып, күнөөлөр кечирилип, адам баласы руханий тайанычка, тирекке ээ болот; 2) Каабада жасалган 3 күндүк ибадат – мусулмандар үчүн  Кыйаматтын оор сурагынын жеңил болушуна себеп болуп, бир күнү 50 миң жылга тете кыйын сурактан кутулуунун тайанычы.
[118] Алла жолунда курбандыкка чалынуучу жандыктардын мойнуна белги кылып, илип койгон кооздуктары
[119] Буларды жетелегендер да тынчтыкта болушат
[120] Алла дүйнөдө болуп жаткан, мурда, кийин да болуучу нерселерди эң мыкты билип турган улуу касиетке эгедер экенин
[121] Бейиш жана Тозок кабарын адамзатка
[122] Жакшылык менен жамандыктын акыретте ээлөөчү даражалары
[123] Эй, Мухаммед!
[124] “Пайгамбар айтып, түшүндүрүп берип жатпайбы” деген мааниде
[125] Маанисиз суроолорду пайгамбарга берүү аркылуу жасаган майда күнөөңөрдү
[126]Арабдар жахилийа (исламга чейинки) доордо айрым малдарды  койо берип жиберүүнү – Кудайга кызмат кылуу деп жаңылыш түшүнүшүп, чындыгында Сөлөкөттөргө сыйынышкан, наадандык кылышкан
[127] Сөлөкөттөргө арнап, сүтүн ичүүнү өздөрү арам кылып алышкан каймал төө
[128] Сөлөкөттөргө арнап минүүнү адамдар өздөрү арам кылып койушкан нар төө
[129] Туут жылдарынын алгачкыларында эки ургачы тайлакты удаа тууган төөнү Сөлөкөттөрүнө арнап иштетүүнү арам кылышкан
[130]  Сөлөкөттөргө арнап, иштетүүнү арам кылган атан төө
[131]Ата-бабаларыбыз тутунган дин
[132] Алланын чыныгы дин туууралуу
[133] “Чакырсаңар, эскертсеңер да ыйман келтирбей койгон каапырлар үчүн силер жооп бербейсиңер”
[134] Исламга чакыруу же Аллага кызмат кылуу максатында эл аралап, жер кезип
[135] «Антыбызды»
[136] Күбөлөр
[137]Кыйамат Күнү
[138] Исанын (а.с.) үммөттөрүнөн чыккан жардамчылар
[139] Хаварилерге жана ошол коомго