Майгулакова Лидия Тоялыевна

Майгулакова Лидия Тоялыевна (1948) – микробиология жана иммунология сабагы боюнча окутуучу. Ветеринардык илимдеринин кандидаты.  К.И. Скрябин атындагы  Кыргыз Улуттук агрардык университетинин ВМиБ факультетинин жаныбарлардын жугуштуу ыландар кафедрасынын доценти.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Майгулакова Лидия Тоялыевна 1948-жылы Жалал-Абад областынын, Токтогул районунун, Музтөр айылында  туулган. Улуту – орус.

  • 1966-жылы Фрунзе шаарындагы № 36 орто мектепти аяктаган.
  • 1974-ж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун ветеринардык врач кесипчилигин  аяктаган.
  • 1974-1977-жж. Республикалык ветеринардык лабораториясында  иштеген.
  • 1977-2000-жж. Кырг НИИЖВ, КыргНИВИ иштеген.
  • 1992-ж. – ветеринардык илимдеринин кандидаты. Темасы: «Ири мүйүздүү малдардын кара жамасы жана анын алдын алуу».
  • 1977-ж. улуу илимий кызматкер наамын алган .
  • 2014-ж. доцент наамын алган.
  • 2000- жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин, ветеринардык факультетинин, жугуштуу ыландар кафедрасында иштейт.
  • 2009-2011-жж. МОН КР тарабынан каржыланган проекттин илимий-жетекчиси. Темасы: «Чуй  өрөөнүнүн шартында бодо малдардын туягынын кара жамасы жана тандардын ириндүү жабыркоосунда жандап жүрүүчү микрофлоралардын ага болгон таасири».

Υй-бүлөсү тууралуу маалымат түзөтүү

Никесиз. Өзү, төрт бир тууган. Эки эжеси, бир агасы бар.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Илимий иштери эпизоотология, микробиология, иммунология багытында       жүргүзүлүүдө.

Негизги илимий-методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Профилактика и лечение копытной гнили овец и коз. Рекомендации. –   Фрунзе, 1984. – 6 стр.
  2. Диагностика, лечение и профилактика некробактериоза конечностей крупного рогатого скота в Киргизии. (Статья). Рекомендации. -  Фрунзе, 1990.
  3. Патент на мазь «ПОЛГО». Зарегистрирован в Кыргызпатенте, регистр. № 1938, заявка №20000012.1.
  4. Нокардиоподобные и коринеформные бактерии в патологиях животных. Вестник КНАУ: Б.: «ДЭМИ»/Мат. Межд. Симпозиума «Микроорганизмы и биосфера, МИКРОБИОС», 2013, № 2(29). – С.81-83.
  5. Санитарно-микробиологические показатели мяса при традиционных способах хранения.  Известия Оренбургского  государственного аграрного университета. - Оренбург, 2016. - №1 (57). – С.54-55.

Сыйлыктары түзөтүү

2005-ж. Кыргыз агрардык университетинин ардак грамотасын алган.

2009-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү жана илим министерлигинин ардак  грамотасын алган.

20013-ж. Кыргыз Республикасынын  элге билим берүү отличниги.

Доцент Л.Т.Майгулакова илимий жетекчилиги менен корголгон диссертациялар түзөтүү

Карабаева Расида Косоровна  «Чуй  өрөөнүнүн шартында бодо малдардын туягынын кара жамасы жана тандардын ириндүү жабыркоосунда жандап жүрүүчү микрофлоралардын ага болгон таасири», 2015.